Өтүп жаткан жылдын 25-майында «Economist» финансылык басылмасынын economist.kg интернет-сайтында «Кыргыз Республикасынын ири финансылык форумунда Министрлер Кабинетинин башчысы катышып, Улуттук банктын башчысы катышкан жок» деген аталышта жарыяланган макаласы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. 

Аталган макаланын текстинде төмөнкүдөй жазылган: 

“Бишкекте 25-майда сегизинчи BIFF 2023 эл аралык финансылык форум өтүп жатат, анын алкагында финансы секторундагы инновациялар, ошондой эле финансы секторунун башка маанилүү маселелери талкууланат. Расмий ачылыш бөлүгүндө Банктар союзунун башчысы Анвар Абдраев жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чыгып сөз сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан күтүүлөргө карабастан, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев эмес, анын орун басары Заир Чокоев чыгып сөз сүйлөдү.  

Мурда Кыргызстанда ар жылдык ири финансылык форумда дайыма Улуттук банктын башчылары чыгып сөз сүйлөп келген. Ошондой эле, жөнгө салуучу органдын азыркы башчысы ири тармактык иш-чараларга көп катышпай жаткандыгын, ошондой эле маалымат мейкиндигине көп аралашпай, жалпыга маалымдоо каражаттарына да интервью бербей келгендигин белгилейбиз. Улуттук банктын атынан акыркы кеңири интервьюну мурдагы төрага Толкунбек Абдыгулов берген.”. 

Бул маалыматка жооп катары Улуттук банк 2023-жылдын 25-майында өткөн BIFF форумунда (мындан ары - Форум) Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев кыргыз мамлекетинин жана анын жетекчилеринин коррупция менен күрөшүү саясатына көз караштардын каршы келип калбашы үчүн катышпагандыгын маалымдайт.  

Бул жагдай, Форумду уюштуруунун башкы баскычында анын башкы бирге уюштуруучусу тарабынан Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу үчүн коррупция иши боюнча, атап айтканда, Керемет банк иши боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупция боюнча айып тагылган адам дайындалгандыгы менен байланыштуу. Мындай дайындоо Улуттук банк үчүн жол берилгис жана терс көрүнүш болуп саналат.  

Ушул себептен, Улуттук банктын төрагасы кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөшүүнүн негизи болуп саналган баалуулук көрсөткүчтөрүнө көз караштардын каршы келип калбашы үчүн Форумга катышкан эмес.  

Мында, жогоруда белгиленген фактылар жөнүндө маалым болбогон жана ага эч кандай тиешеси жок Кыргызстандын банк коомчулугун урматтагандыктан, ошондой эле алдын ала пландаштырылып калган Форумду өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Улуттук банктын төрагасы өзүнүн ордуна аталган Форумга катышууну орун басарына өткөрүп берип, Форумду өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча мурда алган милдеттенмелерди да толук аткарууну тапшырган. 

Ал эми Улуттук банктын төрагасынын тармактык иш-чараларга катышпагандыгы жөнүндө маалымат боюнча Улуттук банк бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Алсак, мисалы, Форумга чейин беш күн мурда Улуттук банктын төрагасы 2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында болуп өткөн, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган, башка мамлекеттердин борбордук банктарынын башчылары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасындагы эл аралык органдардын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана башка финансы секторунун жетекчилери катышкан маанилүү Эл аралык банктык конференцияга катышып, бир нече жолу чыгып сөз сүйлөгөн. Бул конференция жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) кеңири жарыяланган: Улуттук банктын төрагасынын сөзү республикалык телеканалдарда көрсөтүлүп, андан үзүндүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде социалдык тармактарда да жарыяланган. 

Мындан тышкары, Форумга чейин 10 күн мурун Улуттук банктын төрагасы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган, Кыргызстандын 800гө жакын банк кызматкери катышкан, жарыш - жалпы банктык спорттук иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн. Спорттук жарыш тууралуу маалымат ЖМКларда, интернет-ресурстарда, анын ичинде социалдык тармактарда да чагылдырылган.  

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаевдин эл алдында сүйлөбөгөндүгү тууралуу маалымат боюнча айтсак, төрага ар түрдүү маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда чыгып сүйлөйт. Алсак, алтын боюнча парламенттик комиссиянын иш жыйынтыгын кароодо парламенттин жакынкы арада болуп өткөн отурумунда кыргыз коомчулугуна Улуттук банктын алтын менен операциялары, Улуттук банктын тескөөсүндө турган алтындын көлөмү тууралуу маалымат берген. Анын сөзүнөн алынган үзүндүлөр ЖМКга жарыяланган.  

Мындан тышкары, буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзам долбоорун жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамын коргоо максатында, Жогорку Кеңештин отурумдарына дайыма катышып сүйлөп турган, анда «Керемет банк» ААКтын ишине байланыштуу 2018-2020-жылдары Улуттук банкта миллиарддаган жоготууларга жол берилгендиги тууралуу маалымдаган, Улуттук банктагы бул жоготуулардын өлчөмү жана Улуттук банкта мындай болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү маалымат ошол учурда кыргыз коомчулугун таң калтырган. Төраганын айткан сөзүнөн алынган үзүндүлөр ЖМКларга мезгил-мезгили менен жарыяланып турган жана жарыяланып турат.  

Жогоруда белгиленгендер Улуттук банктын төрагасынын коомчулукка берген маалыматтын актуалдуулугун, учурдун талабына туура келген жана сапаттуу экендигин көрсөтүп турат.  

Күндөлүк маалыматтарды сунуштап туруу үчүн Улуттук банкта Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү иштейт. Бөлүм Улуттук банктын иши, Кыргыз Республикасынын банк секторунун абалы жана башка маселелер тууралуу коомчулукка туруктуу негизде маалымат берип турат.  

Улуттук банкта дайыма Улуттук банктын атынан интервью берип туруу үчүн Улуттук банктын расмий өкүлү дайындалган, ал өз ишин туруктуу негизде аткарып келет.  

Азыркы учурдагы журналисттердин жана редакторлордун мууну К. Боконтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турган учурда ЖМКга ошол мезгилде бат-бат интервью берип тургандыгын эстебей калышкандыгын белгилеп кетүү керек, анда ал Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик казынада акча жок деген жалган маалыматына 2010-жылдын апрель айында чындыкты айткан интервью берген. Ал пресс-конференцияларда коомчулукка (ЖМКларда, анын ичинде телекөрсөтүүлөрдө көрсөтүлгөн) Улуттук банкта Өкмөттүн жана Өнүктүрүү фондунун 220 млн АКШ долларынан ашык каражаты сакталып тургандыгын маалымдаган. Бул маалыматы үчүн ал дароо ээлеген кызматынан бошотулуп, көп жылдык саясий куугунтукка алынган. Ал эми 2010-жылдын апрель айында жана андан кийин деле ошол жылдары 2010-жылга чейин бийликте иштеген адамдар коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгынан жана саясий куугунтукка алынышы ыктымалдыгынан улам, ЖМКларга кандайдыр бир интервью берүүдөн кооптонушкан.  

Жогоруда белгиленгендерге таянсак, «Economist» финансылык басылмасы жарыялаган «Кыргыз Республикасынын ири финансылык форумунда Министрлер Кабинетинин башчысы катышып, Улуттук банктын башчысы катышкан жок» деген жогоруда берилген маалымат чындыкка дал келбейт.  

Ошондой эле, Улуттук банк бул жагдай коммерциялык банктардын жана башка финансы уюмдарынын тиешелүү коомдук уюмдардын уюштуруучулары болуп саналган негизги акционерлери жана жетекчилери тарабынан жогоруда аталган терс мүнөздөгү маалымат канчалык деңгээлде алардын ички саясатына дал келе тургандыгы өз убагында каралышы керек деп эсептейт, себеби бул уюмдар коомдук уюмду колдоо үчүн финансылык төгүмдөрдү которуп турушат. Айрыкча бул, коррупцияга каршы күрөшүү максатын көздөгөн өлкөдөгү мамлекеттик банктардын жана уюмдардын жүргүзгөн саясатына тиешелүү

Ошондой эле Улуттук банк 2022-жылдын экинчи жарымында жана 2023-жылдын башталышында коомчулуктун жана парламент депуттарынын арасында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ишине карата айткан кескин нааразычылыктары байкалгандыгын белгилейт, алардын пикиринде учурдагы болуп жаткан кризиске байланыштуу коммерциялык банктар пайда көрүп жатат дешкен. Бул учурда Улуттук банктын расмий өкүлү коммерциялык банктарга карата негизсиз күнөө коюлуп жаткандыгы тууралуу комментарийлерди жана интервьюларды үзгүлтүксүз берип турган. Бирок, тилекке каршы, ошол мезгилде тиешелүү банктык коомдук уюмдар тарабынан коммерциялык банктарды коргогон интенсивдүү интервьюлар жана пикирлер айтылган эмес.  

Улуттук банкка жана анын жетекчилигине карата, Улуттук банкта мыйзамдуулукту орнотуу боюнча анын ишмердүүлүгүнө байланышкан, өзгөчө Керемет банкты калыбына келтирүү боюнча айтылган маалыматтык чабуул, тилекке каршы, буга чейин болуп келген жана азыр дагы болуп жатат. Бирок ишенимдүү жана так маалыматтар мындай көрүнүштөргө каршы туруу үчүн негиз болуп саналат.  

Басылманын редактору жогоруда айтылган маалыматты жарыялоонун алдында анын аныктыгын тактап текшерип көрбөгөндүгү жана экинчи тараптын пикирин укпагандыгы өкүндүрөт. Ошондой эле, колдон келген бардык ыкманы, анын ичинде анык эмес маалыматты колдонуп, каалаган максатка жетүүгө болот деп эсептегендердин катарына билип-билбей кошулуп алган «Economist» финансылык басылмасынын калыс баа бере албагандыгы абдан өкүнүчтүү. Улуттук банк журналисттердин аткарып жаткан ишин баалайт, бирок кандай болбосун маалыматты жарыялоодон мурда экинчи тараптын пикирин угууну жана маалыматтын чындыкка дал келе тургандыгын тактап текшерип алууну сунуштайт.