Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» 

эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» темасында эл аралык конференция болуп өттү.  

Эл аралык конференциянын программасында туруктуу экономика жана экономиканы санариптик трансформациялоо темаларына арналган эки сессиялык блок каралган. Биринчи сессиянын алкагында «Экономиканы трансформациялоо шарттарында акча-кредит саясатынын ролу» темасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Галымжан Пирматов баяндама беришти.  

Инфляциянын глобалдуу өсүшү, анын Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн акча-кредит саясатынын негиздерине таасири темасы Өзбекстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовдун жана Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосяндын баяндамасынын өзөгүн түздү.  

Мындан тышкары, катышуучулар туруктуу экономиканы өнүктүрүү инструменттери катары санариптештирүү жана «жашыл финансы» маселелерин, ошондой эле глобалдуу өнүгүү процессине өтүүдө өндүрүштүн калдыктарын мүмкүн болушунча жокко чыгаруу боюнча Борбордук Азиянын көйгөйлөрүн талкуулашты.  

Экинчи сессиянын жүрүшүндө, катышуучулар финансы технологиялары, финансы системасын санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары, ошондой эле борбордук банктардын санарип валютага, финансы рыногун жөнгө салууга, киберкоопсуздукка байланышкан келечегинен талкуулоодон тышкары, IT тармагындагы кадрлар потенциалын, анын ичинде технологиялар чөйрөсүндөгү аялдардын ролу жөнүндө сөз кылышты. 

Конференцияны жыйынтыктап жатып К. Боконтаев өз сөзүндө: «Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр экономикалык жана финансылык толкундоолорго алып келип, бүткүл дүйнө жүзүндө экономикалык өнүгүүгө карата тобокелдиктерди жаратууда, мындай кырдаалда өкмөттөр жана борбордук банктар тышкы таасирлерге туруштук берүүнү жогорулатуу үчүн алдын-ала аракет кылуусу зарыл» - деп белгиледи. 

«Эл аралык маанидеги конференцияны уюштуруп жатып, биз биргелешкен талкууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле ар бирибиздин өлкөбүздө ишке ашырууга мүмкүн болгон иш-чаралардын негизин түзүү максатында, саясатты иштеп чыгууга жооптуу адамдарды, изилдөөчүлөрдү жана практиктерди чакырууну туура көрдүк», - деп баса белгиледи. 

Конференциянын акырында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы катышуучуларга кызыктуу жана мазмундуу баяндамалар үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай форматта пикир алмашуу өз натыйжасын берет жана мындан ары да улантыла тургандыгына терең ишенимин билдирди.