Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Талас шаары, Бердике баатыр көчөсү 295 дарегинде жайгашкан Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинде 2023-жылдын 17-18-май күндөрү саат 10:00-15:00 жана Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү 291 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын имаратында 23-25-май күндөрү саат 10:00-15:00 нумизматикалык көргөзмө, коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда.  

Кеңири коомчулукка сунушталган көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык коллекциялык монеталар жана башка нумизматикалык баалуулуктар коюлат, алар кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын терең айкалышта чагылдырган, жогорку көркөм чеберчиликте даярдалган нумизматикалык баалуулук болуп эсептелет.  

Көргөзмөгө келген коноктор үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда, алар нумизматикалык баалуулук эле болбостон өзгөчө белек да болуп саналат. 

Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулукка кызыккан бардык адамдарды көргөзмөгө чакырабыз.