Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2023-жылдын 12-майында Баткен шаарындагы «Айгүл Тоо» мейманканасынын конференция залында салтанаттуу жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө салтанатка келген конокторду мааракелүү дата менен куттуктап, улуттук валюта сомдун калыптануу тарыхы тууралуу айтып өттү

Салтанаттын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.К. Туллаев, Баткен шаарынын мэри И.А. Бурканов жана Баткен районунун акими У.И. Жоробаев чыгып сөз сүйлөшүп, салтанаттын бардык катышуучуларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун 30 жылдык мааракеси жана банк кызматкерлеринин күнү менен куттукташты. 

Салтанаттуу жыйынга финансы-кредит уюмдарынын, кредиттик союздардын жана микрокредиттик агенттиктердин өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө иштеп кеткен ардактуу эс алуудагы ардагерлер чакырылган.