Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 12-майында улуттук валюта кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде нумизматикалык көргөзмө ачты. 

Көргөзмөнүн ачылышына Улуттук тарых музейинин эмгек жамааты, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана башкалар катышты. Катышуучулар улуттук валютаны чыгаруу жана аны жакшыртуу тарыхы, ар кандай тарыхый окуяларды, архитектураларды жана маданий эстеликтерди даңазалоо, улуттук спорттун түрлөрүн, ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды, Кыргызстандын фаунасы менен флорасынын жоголуп бара жаткан түрлөрүн кеңири жайылтуу максатында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар, ошондой эле эстелик банкноттор, жүгүртүү монеталары жана өлчөнгөн алтын куймалары түрүндөгү башка нумизматикалык баалуулуктар менен таанышып чыгышты. 

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 30 жыл ичинде чыгарган төмөнкү нумизматикалык баалуулуктар коюлду: 

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхын чагылдырган, 1993-2023-жылдары чыгарылган банкноттордун үлгүлөрү

- 1995-2023-жылдары чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар; 

- 1, 2, 5, 10, 31.1035 (1 унций) жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн алтын куймалары; 

- сувенир буюмдары. 

Көргөзмө 2023-жылдын 31-майына чейин болот.