Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат.  

Жаңы сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат жана улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө чыгарылган мезгилинен тартып азыркы учурга чейин коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондон тартып, жасалма жол менен акча чыгаруудан коргой турган жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турган банкнотторго чейинки басып өткөн жолун чагылдырылат. 

Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды. 

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

2023-жылдагы үлгүдөгү 

200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери 

1. Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.  

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт. 

3. Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

4. Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот. 

5. Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси  

С пайда болот. 

6. Түстөрдүн өзгөрүшү банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.  

7. Жалтырак түс (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.