Кыргыз сомуна - 30 жыл! 

 

1993-жылдын 10-майында улуттук валюта - сом жүгүртүүгө киргизилген. Ал өлкөнүн бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражатына айланган. Мындай кадам көз карандысыз мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.  

Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү өлкөбүздүн экономикалык саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө негиз болгон. Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө киргизгенден кийин отуз жыл ичинде өлкөнүн финансы секторун калыптандыруу, реформалоо жана өнүктүрүү жаатында олуттуу иштер аткарылган. 

Улуттук валюта колдонулуп келген бүтүндөй мезгил ичинде кыргыз сомунун банкноттору беш жолу өзгөртүлгөн, коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондордон тартып, жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган үч баскычтуу коргоо элементтери бар банкнотторго чейин алмаштырылган. 

2023-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарууда. Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш экендигин белгилейбиз. 

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.