Улуттук банктын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн, 2023-жылдын 29-апрелинде, Улуттук банктын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө Кой-Таш айылынан «Jannat Resort» эс алуу комплексине чейин 7 чакырымга жакын аралыктагы аймакта тиричилик калдыктары тазаланды.
Акциянын башкы максаты – жарандар арасында экология маданиятын сактоону жайылтуу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу болуп саналат.
Эскерте кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгы менен белгиленген «Улуттук тазалык күнү» акциясынын алкагында өтүп жатат.