Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2023-жылдын 26-апрелинде Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, «УКУК» мамлекеттик мекемесинин, «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана «УКУК» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү тарабынан айып пулдарды төлөө сервиси тууралуу маалымат берилип, коммерциялык банктарга бул сервиске туташуу жана катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды. 

Мындан тышкары, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнү андан ары жайылтууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы № 680/66-6 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтомун ишке ашырууга жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын мамлекет ичиндеги төлөмдөр бөлүгү боюнча талаптарын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Бекешев, Ж. Абиров, Ч. Айдарбеков, Э. Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору өзүнчө талкууланды.