Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдун аракетин узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты, бул токтом 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Токтом долбоору жалпысынан коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан Баткен областында жашаган жана/же ишкердик кылган карыз алуучуларга кредиттерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин жөнгө салууга багытталган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg)жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана «Кепилдик фонд» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-апрелинен кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.