Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын  

15-мартында № 2023-П-17-16-4-(НПА) « Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо төмөнкү талаптар каралган:  

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

- 2023-жылдын 1-апрелинен тартып 600 млн сом; 

- 2024-жылдын 1-июлунан тартып 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд сом. 

3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү  

2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Эгерде коммерциялык банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде коммерциялык банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

5. Жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн 2 жана 3-пункттарына ылайык белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө белгиленсин. 

Мында, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.