Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат 

 

2022-жылы коммерциялык банктарга 151 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 75 жазма буйрук, 33 эскертүү жана 14 сунуш-көрсөтмө берилген (областтык башкармалыктардын текшерүүлөрүн кошо алганда). Анын ичинде 2022-жылдын декабрь айында 12 коммерциялык банкка текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылчылыгы боюнча 10 жазма буйрук берилген.  

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга кардарларды банктык тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмө берилген.  

2023-жылдын башынан тартып коммерциялык банктарга 17 текшерүү жүргүзүлгөн. Азыркы тапта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары талкууланып жатат жана коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан тийиштүү чаралар кодонулат. 

2022-жылдын ичинде 135 алмашуу бюросуна текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча тышкы көзөмөлдүн алкагында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн, алмашуу бюролоруна 270 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 48 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган жана 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

Мындан сырткары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сомду түзөт) айып пул салынган. Ошону менен бирге, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жактарга, укук коргоо органдары менен биргеликте 63 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 48 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 840,0 миң сомду түзөт) айып пул салынган. 

2023-жылдын башынан тартып тогуз алмашуу бюросуна инспектордук текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле тышкы көзөмөлдүн алкагында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн алмашуу бюролоруна 31 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Ошондой эле бир алмашуу бюросуна 55,0 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.  

Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. 

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейинки тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат.  

Белгилей кетсек, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлбөгөн курс боюнча сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Чет өлкө валютасы болгон шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү