Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулар боюнча финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча ФКУга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган, 63 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган. 

Белгилүү болгондой, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрында № 2022-П-12/71-1 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган. Анда коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же ишкердик жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алуу боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароо, ошондой эле алардын кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча ички жол-жоболорун карап чыгуу сунушталган.  

Бул токтомду ишке ашыруу максатында Баткен областындагы карыз алуучуларды кредиттөө боюнча бир катар чаралар кабыл алынды: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып ФКУ тарабынан 1 095 133 миң сомго 9 268 кредит артыкчылыктуу тартипте каралды жана берилди; 

- айрым ФКУлар тарабынан кредиттер боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлдү, токтомдун талаптарына ылайык онлайн кредиттөөнүн көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана башка чаралар көрүлүүдө

- айрым ФКУлар тарабынан кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.