Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, «Пэйлайн» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 22-декабрында төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 22-декабрындагы № 2033221222 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 22-декабрындагы № 3035221222 лицензия. 

«Пэйлайн» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары» бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген».