2022-жылдын 20-декабрында Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезексиз отуруму болуп өттү.  

Отурумда QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү киргизүү жана аны өнүктүрүү, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды.