Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 15-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) 487 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 27,6 млн сом суммасында 344 кредит жоюлган, 52,8 млн сом суммасында 204 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.  

Мындан тышкары, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтому кабыл алынган, анда коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга кредит/кепилдик берүү боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу, ошондой эле аларга кредит/кепилдик берүү боюнча ички жол-жоболорду карап чыгуу сунушталган. 

Токтомдо ошондой эле карыз алуучулардын кредиттерди/кепилдиктерди алууда документтерди берүүсүнө карата Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган. 

Мындан тышкары, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты.  

ФКУдан алынган маалыматтарга ылайык, финансы-кредит уюмдары токтомду ишке ашыруу максатында Баткен областынын аймагындагы карыз алуучуларга кредит берүү боюнча бир катар чараларды көргөн:  

- 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып ФКУ тарабынан 618,7 млн ​​сомго 5 428 кредит каралып, артыкчылыктуу тартипте берилген; 

- айрым ФКУ тарабынан кредиттер боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлүп, онлайн кредиттөөнүн көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана токтомдун талаптарына ылайык башка чаралар көрүлүүдө

- кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында айрым ФКУ тарабынан ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат.