Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит жөнүндө» жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.    

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу ченемдик актыларды өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты   депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит берүүнүн жалпы шарттарын жана тартибин аныктоо. 

  3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү;  

- депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредит берүү мүмкүнчүлүгү.   

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт.   

 5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү.  

Сунушталган жөнгө салуу депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине гана тиешелүү.   

 6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.   

 7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.   

  Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикир.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:   

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

  

- электрондук почта аркылуу 

shmusuralieva@nbkr.kg  

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 21-декабрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2022-жылдын 26-декабрынан кечиктирбестен