Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары 

 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 6-октябрында чыгарылган (№ 2022-П-12/62-2 (НПА) Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары ФКО) кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 3-ноябрына карата ФКОго 433 карыз алуучу кайрылган, 19 075 миң сом суммасында 274 кредит жоюлган, 27 394 миң сом суммасында 122 кредит реструктуризацияланган. 

Учурда ФКОлор жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.