«М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөттүн узартуу жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-12/1 токтому менен «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - «М Булак» МКК» ЖЧК) жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому (мындан ары - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК) үчүн банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүүгө атайын жөнгө салуу режиминин лицензиясынын мөөнөтү 2023-жылдын 1-майына чейин узартылды: 

- нак эмес формада кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК үчүн 2023-жылдын 1-майына чейин узартылды. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп, «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептелет.