Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы - 2022» эл аралык сынактын «Жылдын монетасы» номинациясында үчүнчү байгелүү орунду ээледи. 

«Монеталар топ жылдызы» - эстелик монеталар боюнча КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлүүчү жалгыз эл аралык сынак болуп саналат. Бул сынактын уюштуруучусу болуп «Уотер Марк» басма үйү (Россия) эсептелет. Жеңүүчүлөрдү кесипкөй калыстар тобу аныктайт, анын курамына белгилүү ири музейлердин, аукцион өткөрүлүүчү жайлардын, нумизматикалык ассоциациялардын жана монеталар боюнча адистештирилген кесиптик басылмалардын адистери кирет. 

2022-жылы калыстар тобунун мүчөлөрү негизги тогуз: «Кайталангыс концепция», «Мыкты көркөм чеберчилик», «Өзгөчө технология», «Мыкты жүгүртүү монетасы», «Монеталык классика», «Белек монетасы», «Жылдын күмүш монетасы», «Жылдын алтын монетасы» жана «Жыл монетасы» номинациясынын ичинен салттуу түрдө биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жеңүүчүлөрдү аныкташты.