2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «JIA Бизнес-ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте, Нарын областындагы жеке ишкерлер жана фермерлер үчүн «Ислам каржылоо принциптери» жана «Айыл чарба секторун каржылоо үчүн колдонулган ислам банкынын продукттарынын негизги түрлөрү» темасында семинар өткөрдү.  

Семинарлардын максаты жеке ишкерлердин жана фермерлердин өлкөнүн финансылык системасы жана ислам каржылоо принциптери жөнүндө маалымдар болуусун арттыруу. Семинардын алкагында финансылык институттардын негизги түрлөрү, айыл чарбасын каржылоо үчүн ислам банк иши, ошондой эле айыл чарба максаттарына жараша каржылоонун түрлөрү менен жол-жоболору сыяктуу маселелер каралды.