Төлөм системасы жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салат. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт. 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары төлөм системаларынын көз карандысыз катышуучулары катары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кайсы система менен иштөө керектиги жөнүндө чечим кабыл алышат, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана башка талаптарды сактоо менен төлөм системалары менен иштөөдө тобокелдиктерге баа беришет. Ушуга байланыштуу коммерциялык банктар тигил же бул төлөм системасы менен иштөөдө белгилүү бир чараларды же чектөөлөрдү кабыл алышы мүмкүн.