2022-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрүнүн катышуусу менен нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү боюнча терегек стол болуп өттү

Тегерек столдун жүрүшүндө соода түйүндөрүндө нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотуудагы тариф саясаты, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары жана керектөөчүлөр үчүн банктык төлөм карталарын, мобилдик тиркемелерди, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга жана төлөөгө өбөлгө түзүү маселелери талкууланды. 

Жыйынтыгында нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн тиешелүү чечимдер кабыл алынды.