Коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 6-октябрында № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Аталган токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (мындан ары ФКУ) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо, болуп өткөн окуяда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын кредиттерин эсептен алып салуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана көмөктөшүү; кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу; кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо;  кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарларга айыптык санкцияларды колдонбоо, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) чегербөө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу тапшырмалары берилген.  

Токтомдо жабыркаган кардарлардын кредиттерин реструктуризациялоодо ФКУлардын активдерин классификациялоо шарттарын жеңилдетүү ченеми, финансы-кредит уюмдарына жана кредиттик бюрого маалымат берүү талаптарын жеңилдетүү каралган.  

Буга кошумча ФКУларга токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрында болгон окуядан жабыр тарткан кардарларына ушул токтом тууралуу өздөрүнүн расмий интернет-сайттарына жарыялоо, ошондой эле кардарлар менен байланышуунун башка каражаттарында жарыялоо аркылуу маалымат берүү зарылдыгы белгиленген.  

Улуттук банк буга чейин ФКУга Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрында болгон окуядан жабыр тарткан кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө сунуш-көрсөтмө кат жөнөткөн. Ошондой эле, бул маселе 2022-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын жетекчиликтеринин катышуусунда өткөн банктык тегерек столдун жүрүшүндө талкууланган. 

ФКУдан алынган маалыматка ылайык, азыркы учурда кардарлардын кайрылууларын тиешелүү деңгээлде кароо, айып пул жана туум чегерүүнү убактылуу токтотуу, кредиттерди реструктуризациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.