БИЛДИРҮҮ 

ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирин талдоо иши жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоону иштеп чыгуу маселеси боюнча кызыкдар жактардан сунуштар кабыл алына тургандыгын билдирет. 

1. Көйгөйлөр жана негиздер. 

Ченемдик укуктук актылардын ченемдерин өркүндөтүү төмөнкү проблемаларды чечүүгө багытталган: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоодо пайдаланылуучу бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу. 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан алгылыктуу натыйжаларды жана артыкчылыктарды баалоо: 

- ченемдик базанын сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоого карата талаптарды белгилөө

4. Алгылыксыз кесепеттердин келип чыгышын баалоо: 

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз кесепеттерге алып келбейт, анткени ал мыйзам талаптарына ылайык келтирүүгө гана багытталган. 

5. Ишкердик субъекттердин - жөнгө салуу сунушталып жаткан жактардын өзгөчөлүктөрү жана санын баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону иштеп чыгууда коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактар өз ара иш алып баруусуна таркатылат. 

6. Аны киргизүүгө байланышкан сунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу жактарынын кошумча чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Жөнгө салуу субъекттеринен сарптоолор талап кылынбайт. 

7. Кыргыз Республикасынын бюджетинен сунушталган жөнгө салууну киргизүүдөн улам чыгымдарды жана пайданы болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси: 

- аталган маселелер жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечилүүчү маселеби? 

- бул максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- сунуш кылынган жөнгө салуу проблемаларды чечүүдө эң эле артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- сунуш кылынган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдага жана артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүн? 

- сунуш кылынган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер келип чыгышы мүмкүн? 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, натыйжалуу жолдору барбы? 

- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикириңиз. 

 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

kegenberdieva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

21-октябрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын  

26-октябрынан кечиктирбестен