Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 21-сентябрынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды: 

1. Бишкек шаары, «Дордой» соода-сатык комплекси, Кожевенная көчөсү 74, «Север» соода өтмөгү, №4 соода орду дарегинде жайгашкан «Монета плюс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 2-июнундагы № 6137 лицензиясы; 

2. Бишкек шаары, Шопоков көчөсү 119 дарегинде жайгашкан «РАДИУС КГ» ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 6005 лицензиясы.