2022-жылдын 9-14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын шариат аалымдары жана Ысык-Көл областындагы коммерциялык банктардын кызматкерлери үчүн «Жеке финансыны башкаруу» жана «Ислам каржылоо принциптери. Ислам банк продукттарынын негизги түрлөрү» темасында семинарлар өткөрүлдү.  

Семинарлардын максаты шариат аалымдарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана өлкөнүн финансылык системасы жөнүндө маалымдар болуусун, ошондой эле коммерциялык банктардын кызматкерлеринин ислам каржылоо принциптери жөнүндө билимин жогорулатуу. Семинардын алкагында финансылык институттардын негизги түрлөрү, жеке финансыны башкаруу, тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук, ислам банк иши, ислам банк операцияларынын салттуу банктардын операцияларынан айырмачылыгы сыяктуу маселелер, ошондой эле башка маселелер каралды