Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 2025-П-09/49-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 2025-П-09/34-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-сентябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк жөнүндө/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.







