2025-жылдын 26-июнунда банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Кредиттик аукциондун параметрлери:
|
Аукциондун коду |
АК 25 01 |
|
Кредиттин мөөнөтү (ай) |
6 ай |
|
Кредиттик ресурстардын көлөмү (млн. сом) |
1 000,00 |
|
Ауцион өткөрүү ыкмасы |
Биргелешип каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион |
|
Биргелешип каржылоо пропорциялары |
1:0,5 (коммерциялык банктын өздүк каражаттарынын эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун алкагында алынган каражаттардын көлөмүнүн 50% кем болбоого тийиш) |
|
Максаттуу багытталышы |
Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө; аялдардын ишкердүүлүгү. |
|
Минималдуу пайыздык чен (%) |
Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени |
|
Билдирменин минималдуу көлөмү (млн. сом) |
50,00 |
|
Билдирменин максималдуу көлөмү (млн. сом) |
500,00 |
|
Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чени |
Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени + 2,00% |
|
Пайыздын төлөө убакыты |
Ар бир айдын 1чи күнүндө |
|
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу |
Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
Улуттук банктын төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
|
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
|
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) |
|
|
Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо |
Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 50% ашпаган |







