Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому (мындан ары токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: 

2025-жылдын 1-апрелине чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана/же нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин. 

Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.