Кайта келүү

Долбоор 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы №113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

1. 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн: 

1) 11-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2) 12-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

2. 47-берененин 2-бөлүгүндөгү «Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга,» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

3. 58-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмүндөгү «Улуттук банк Башкармалыгынын мүчөлөрү» деген сөздөр «административдик-башкаруу ыйгарым укугуна ээ эмес Улуттук банк Башкармалыгынын мүчөлөрү» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

 

4. 61-берененин: 

1) 3-бөлүгүндөгү «үч мүчөсү» деген сөздөр «беш мүчөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2) Төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: 

«4. Улуттук банктын Төрагасы жана Төраганын орун басарлары Улуттук банктын административдик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ.  

Улуттук банк Башкармалыгынын мүчөлөрү, Улуттук банктын административдик-башкаруу ыйгарым укугуна ээ эмес, контролдук системасынын натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин, иштин ачык-айкындуулугун, талаптардын өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу, орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөө максатында өз ыйгарым укуктарын Улуттук банк Башкармалыгынын отурумдарына катышуу, башкаруу процессине (адам ресурсун жана эмгек акыны кошо алганда) жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырат.». 

 

 

2-берене. 

 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзам талабына ылайык келтирсин. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти