Кайта келүү

Долбоор 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1-берене 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы  

жөнүндө» мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2015-жыл, №1, 21-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 2-берененин: 

а) экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Нак эмес эсептешүү бул, акча жүгүртүү формасы, мында нак акчаны пайдалануусуз, сунушталган төлөм документинин негизинде акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептешүүүндөлүк) эсебинен алуучунун эсептешүүүндөлүк) эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган акча каражаттарынын жылышы, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы улуттук валютада жана нак акчаны пайдалануусуз, электрондук акча ээсинин эсебинен акцептанттын эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган шартта, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү. Эсептешүү төлөмдүн ишке ашырылгандыгын түшүндүрөт.»; 

б) төмөнкү мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:  

«Электрондук акча агенти - бул, Кыргыз Республикасынын резиденти - юридикалык жак же жеке ишкер, ал электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну (ордун жабууну), Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырат.»; 

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«Мамлекет ичиндеги төлөмдөр бул, Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүргүзүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар башка төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган төлөм.»; 

Төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:  

«Клиринг бул төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.»; 

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:  

«Эл аралык электрондук акча бул, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан өлкөнүн мыйзамынын чегинде Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук түрдөгү электрондук акча, электрондук акча каражаттары жана электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер.»; 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

«Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын резидент эмеси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган, жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иш алып барган банк же юридикалык жак. »

 

2) 3-берене: 

а) төмөнкү мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын: 

«3-1. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат. 

Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Банк төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине байланыштуу, лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн банктык операцияларды ишке ашыра алат.»

 

3) 4-берененин: 

а) 8-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «укуктуу» деген сөз «тийиш» дегенге алмаштырылсын; 

б) 8-бөлүгүнүн 5-пунктундагы «же экстремисттик ишке катыштыгы» деген сөздөр «жана экстремисттик иш-аракеттер же массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатуу» дегенге алмаштырылсын.»;  

4) 13-берененин 5-бөлүгүндөгү «гана» деген сөз алынып салынсын; 

 

5) 17-берененин: 

6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөги «мекемелеринин ортосунда» деген сөздөр «уюмдар тарабынан» дегенге алмаштырылсын; 

 

6) 20-берене төмөнкү мазмундагы 3-1 бөлүк менен толукталсын:  

«3-1. Ар башка төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютада ишке ашырылган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо иши Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) ишке ашырылууга тийиш. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

 

7) 21-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: 

«3. Алуучу өзү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке же болбосо электрондук капчыкка чегерүү жолу аркылуу акча которууну алууга укуктуу. Акча которуулардын эл аралык жана локалдык системаларынын операторлору банктык эсепке же болбосо электрондук капчыкка акча которуулардын чегерилишин камсыз кылууга тийиш.»; 

 

8) 23-берененин 1-бөлүгүндөгү «финансы-кредит мекемелери» сөздөрү «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

 

9) 24-берененин: 

а) 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин Кыргыз Республикасынын резидент эмесинин иши ушул мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта катталган шартта жүзөгө ашырылат. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз иш алып баруусуна тыюу салынат.»; 

 

б) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ушул мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык улуттук системанын критерийлерине ылайык келген жана төлөм системасынын ишин камсыз кылган аталган процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча (процессинг, клиринг) финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого лицензияга ээ Кыргыз Республикасынын резиденти Улуттук банк же башка юридикалык жак Улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат»

в) 5-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системадан ачык жана тең укукта пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тарифтик саясатты иштеп чыгууда. Төлөм системасынын алкагында кардарларга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошо алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык болууга тийиш.  Төлөм системасынын эрежесине жаңы тарифтердин киргизилиши жана колдонуудагы тарифтер өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөр киргизилип жаткан учурда, төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте аталган банкты, төлөм системасынын катышуучуларын жана пайдалануучуларын маалымдоого милдеттүү.»; 

 

10) 27-берененин: 

4-бөлүгүндө «мекемелер» деген сөз «уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

 

11) 28-берененин биринчи абзацындагы «милдетүү» деген сөз «укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

 

12) 31-берененин 6-бөлүгүнүн 2-пунктунда «мекемелеринин» деген сөз «уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

 

13) Мыйзамдын бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «Кыргыз Банкы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын. 

 

2-берене. 

1. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин, ал эми 20-берененин 3-1-бөлүгү 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк өз ченемдик укуктук актылардын ушул мыйзам ылайык келтирилишин камсыз кылсын.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти