Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна карата маалымдама-негиздеме 

 

Кароого сунушталып жаткан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Улуттук банктын ишин оптималдаштыруу жана укуктук ченемдик актыларында коллизияларды жоюу максатында иштелип чыккан. 

Алсак, Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөМыйзамы күчүнө киргендигине жана аталган мыйзамда банктроттук негиздерин кошо алганда, банктарды мажбурлап жоюу жол-жоболору каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине аталган Мыйзамга тийиштүү шилтемелерди киргизилиши зарыл

Мындан тышкары, Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөМыйзамында белгиленген банктарга карата таасир этүү чараларын натыйжалуу колдонуу, коммерциялык банктардын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди алдын ала аныктап, орун алган көйгөйлүү маселелерди оперативдүү негизде чечүү жана аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында, сот аларды анык эмес деп тааныган шартта Улуттук банктын чечимдерине тиешелүү жоболорду, банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө арыздарды сот тарабынан кароо учурунда тактоо нормаларын киргизүү сунушталган. 

Улуттук банк мыйзамдарда белгиленген банктык көзөмөлдүктү жана жөнгө салууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген таасир этүү чараларын колдонууга тийиш. Бул, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык өлкөнүн банк тутумуна көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамында белгиленген банк жана төлөм системаларынын натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу аркылуу республиканын узак мөөнөткө каралган экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү жагында негизги милдеттердин бири болуп саналат.Жогоруда сунушталып жаткан нормалардын кабыл алынышы Улуттук банкка, банк системасынын регулятору катары,банк системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууучүнага таандык болгон функцияларын тиешелүү колдонууга мүмкүндүк берет. 

Мыйзам долбоору коомдук талкууга алынышы максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылган.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бири бирине шайкеш килтирүү, Банк ишин оптималдаштырууга тиешелүү нормалар таасир этүү чараларын колдонуунун натыйжалуулугун арттырууга гана багытталгандыктан, мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбайт. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы экологиялык, гердердик, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо жагында кесепеттерге алып келбейт жана колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбейт.  

Юридикалык күчкө ээ болгондон кийин мыйзам жоболорун аткаруу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону да талап кылбайт.  

 

 

Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов