Кайта келүү

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонулуп жаткан редакциясы   

(алып салынган жоболор - өзгөчө белгиленген жана сызып көрсөтүлгөн, өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

Сунушталып жаткан редакция 

(өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 

256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту 

Алтындын жана күмүштүн эритиндисинин, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет. 

256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту 

Алтындын жана күмүштүн эритиндисинин, аффинирленген алтындын жана күмүштүн, аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет. 

257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 

2) майыптар үчүн атайын товарлар; 

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 

4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 

6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 

8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 

9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 

10) балдардын тамак-ашы; 

11) жаратылыш газы; 

12) дары каражаттары; 

13) айнек кайнатуучу мештерди жана конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар; 

14) банк жабдуулары (банкоматтар, РОS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары); 

15) электр энергиясы 

2. Ушул берененин 1-бөлүктүн 2, 3, 10, 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. 

257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 

2) майыптар үчүн атайын товарлар; 

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 

4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 

6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта; 

 

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 

8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 

9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 

10) балдардын тамак-ашы; 

11) жаратылыш газы; 

12) дары каражаттары; 

13) айнек кайнатуучу мештерди жана конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар; 

14) банк жабдуулары (банкоматтар, РОS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары); 

15) электр энергиясы; 

16) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү аффинаждалган алтындан, күмүштөн, мельхиордон жана/же жез-никелден даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү төмөнкүдөй жабдуулар жана товарлар: акча менен иш алып баруу жабдуулары (банкнотторду жана монеталарды саноочу жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду жана монеталарды иргөөчү жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду вакуум жана бандероль түрүндө таңычактоочу жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду жок кылуучу система, аларга тиешелүү тетиктер, валюта детекторлору, нак акча каражаттарын ташуучу касса арабалары, контейнерлер жана башкалар); эксперттик жабдуулар (эксперттик-криминалисттик комплекс, рентген-флуоресценттик анализатор, атайы максатта пайдаланылуучу электрондук тараза); компьютердик жана кеңсе жабдуулары (принтерлер, факстар, сканерлер), аларга карата чыгымдалуучу материалдар; сервердик, түйүндүк жабдуулар (маршрутизаторлор, коммутаторлор, IP-телефония жабдуулары ж.б.); маалыматтарды сактоо жабдуулары (массивдер, дисктер, маалымат топтоочулар); резервдик көчүрүү жабдуулары (лента түрүндөгү маалыматтар топтому жана аларга тиешелүүлөр); өндүрүш багытындагы желдеткич жабдуулар; программалык камсыздоо; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз негизде ток менен камсыздоо булактары жана аларга карата тетиктер; атайы багытка каралган транспорт. 

2. Ушул берененин 1-бөлүктүн 2, 3, 10, 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. 

261-берене. Товарларды экспорттоо 

Алтындын жана күмүштүн эритиндисин, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет. 

261-берене. Товарларды экспорттоо 

Алтындын жана күмүштүн эритиндисин, аффинирленген алтынды жана күмүштү, аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталарды экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет. 

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу 

 

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат: 

1) айыл чарбалык өндүрүшчү

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив; 

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар; 

4) кайрымдуулук уюм; 

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат: 

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн. 

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат. 

4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат. 

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу 

 

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат: 

1) айыл чарбалык өндүрүшчү

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив; 

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар; 

4) кайрымдуулук уюм; 

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат: 

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн. 

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат. 

4. Алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.