Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна карата  

маалымдама-негиздеме 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда, Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.  

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору субъекттердин, б.а. нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырышкан валюта рыногунун катышуучуларынын ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыгып, экинчилик рынокто Улуттук банктын көзөмөлдүк чараларынын натыйжалуулугуна жетишүүгө жана алардын өз учурунда көрүлүшүн камсыз кылууга багытталган, бул келечекте Улуттук банктын шайкеш акча-кредит саясатты жүргүзүүсүнө жана банктык мамилелер чөйрөсүндө иш натыйжалуулугуна таасирин тийгизет.  

Акыркы мезгилде өлкөнүн валюта рыногунда орун алып турган жагдайлардын алкагында Улуттук банк, 2014-жылдын 1-январынан тартып 1-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча иш алып барып жаткан алмашуу бюролорунун ишине 1215 текшерүү ишин жүргүзүп, анын жыйынтыгында алмашуу бюролору тарабынан мыйзамдарды бузууга жол берүүлөр аныкталган, б.а. алмашуу бюролорунда кардарларды идентификациялоо иши жүргүзүлбөй, валюта алмаштырууга байланыштуу операциялардын айкын көлөмү жашырылгандыгы фактылары белгиленген, демек алар Улуттук банкка так эмес маалыматтарды сунуштаган, мындан тышкары алмашуу бюролору Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүү ишин жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү да белгиленген. 

Мында, Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунда жүгүртүүдөгү акча каражаттарынын айкын көлөмүн эсептөөдө орун алган кыйынчылыктарды баса белгилеп кетүү зарыл, бул алмашуу бюролору операциялардын айкын көлөмүн жашыргандыгы менен шартталган.  

Улуттук банк көзөмөл органы катары өз ыйгарым укуктарынын чегинде 15 алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алган, 129 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуп, 16 эскертүү, 220 жазма буйрук жөнөткөн.  

Алмашуу бюролору, негизги өнөктөш өлкөлөрдө орун алган саясый жана экономикалык окуялардан улам орун алган белгисиздик жагдайлардан пайдаланып, экинчилик рынокто долларга жана еврого карата алмашуу курстарды негизсиз жогорулатышкан, ал жасалма тынчсызданууларга жана чет өлкө валютасына суроо-талаптын жогорулашына алып келген. Бул өз кезегинде, рынок катышуучуларынын ишин, ошондой эле нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларды катуу контролдоо, Улуттук банктын валюта рыногунун катышуучуларынан такталган маалыматтарды өз убагында алуу жана валюта курстарынын өзгөрүүсүнө өз учурунда чара көрүү, улуттук валютага карата чет өлкө валютасынын курсун негизсиз өтө жогору же өтө төмөн чекте белгилөө фактыларына жол бербөө, ошондой эле керектөөчүлөр укугун коргоо зарылчылыгын аныктаган. 

Тышкы экономика секторунда чет өлкө валютасынын кескин өсүшүнө алып келген фундаменталдуу өзгөрүүлөр байкалган эмес. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча соода баласынын тартыштыгы 2014-жылдын 10 айы ичинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 8,6 пайызга, 2,6 млрд. АКШ долларына чейин төмөндөгөн. Ушул эле мезгил ичинде жеке адамдардан акча которуулардын таза агымынын көлөмү 1,6 пайызга өсүп, 1,6 млрд АКШ долларын түзгөн.  

Нак чет өлкө валютасы рыногунда алмашуу бюролорунун иш алып баруусунан улам түптөлүп жаткан алгылыксыз жагдайлар калк арасында жана бизнес-түзүмдөрдө жасалма девальвациялык күтүүлөрдү пайда кылууда. Ушундан улам, улуттук валютадагы активдерди чет өлкө валютасындагы активдерге которуулар күч алууда. Бул өз кезегинде, алмашуу курсуна басымды жогорулатып, сомдун нарксыздануу арымын күчөтөт, демек, импорттолуучу инфляциянын өсүшүн шарттайт. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча декабрь айынын орто ченине карата абал боюнча депозиттик база жыл башынан бери 22 пайызга көбөйүү менен 82,1 млрд. сомду түзгөн. Мында, чет өлкө валютасындагы депозиттер көлөмү 42,2 пайызга (курстук өзгөрүүнү эске албаганда 21,6 пайызга), 46,7 млрд сомго чейин, ал эми сом түрүндөгү депозиттер 2,7 пайызга, 35,4 млрд. сомго чейин өскөн.  

Улуттук банктын баа берүүсү боюнча, экономикалык жагдайлардан эмес, тынчсыздануулардан улам алмашуу курсунун өсүшүнүн эсебинен 2014-жылы инфляция кошумча 3 пайыздык пунктка жогорулаган. 

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө, жеке адам же юридикалык жак формасындагы алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттер тизмегинен чыгаруу, ошондой эле нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктарга, кредиттик союздарга, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга) калтыруу каралган. 

Бул өзгөртүүлөр, биринчиден, лицензиясыз иш алып барган жактарды натыйжалуу аныктоого жана аларга карата таасир этүү чараларын өз убагында көрүүгө мүмкүнчүлүк берет, экинчиден, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өзгөргөн шартта, калк арасында толкундоолордун пайда болуусуна бөгөт коет, бул бүтүндөй алганда, биздин рынокко мүнөздүү.  

Мыйзам долбоорун кабыл алуудан улам болжолдонуп жаткан укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

Мыйзам долбоорунда каралган валюта рыногун жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жөнгө салуу ыкмалары комплекстүү мүнөзгө ээ, алар банктык көзөмөлдүк жана экономиканы жөнгө салуу (валюта сектору) механизмдерин өркүндөтүүгө, алмашуу операциялары рыногунун катышуучуларынын ишин ирээтке келтирүүгө, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоого, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын, анын ичинде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук акталардын сакталышын камсыз кылууга багытталган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан демилгеленген, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда турган жана лицензиясыз иш алып баруусу жагында укук бузуулар үчүн айыптык төлөм өлчөмүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен биргеликте, ал жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иш алып баруусун жөнгө салууга, банктардын, ФКМдердин, ошондой эле Улуттук банктан лицензия алышкан жана иш ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде, Улуттук банктын бул чөйрөдө көзөмөлдүк чараларын көрүүсүнө жана натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.  

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени сунушталып жаткан бул мыйзам нормаларын колдонууга киргизүү, алмашуу операцияларынын катышуучуларынын ишин оптималдаштырууга жана валюта рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган.  

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй республиканын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам нормаларына ылайык келет. 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.