Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамы 

 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын «Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу» мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1995-жыл, N7, 252-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 1-берененин үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2. 9-берененин 1-бөлүгүндөгү «алмашуу бюролорунан» деген сөздөр «кредиттик союздардан, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринен, микрофинансылык жана микрокредитик компаниялардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

3. 12-берененин: 

- 1-бөлүгүндөгү «алмашуу бюролору,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Операциялардын тизмеги, операцияларды, анын ичинде нак жана нак эмес улуттук жана/же чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) операцияларын жүргүзүү тартиби жана шарттары, ушул мыйзамга ылайык чет өлкө валютасындагы операцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу адамдарга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Банкы тарабынан аныкталат.»; 

- 3-бөлүктөгү «алмашуу бюролору,» деген сөздөр алынып салынсын; 

4. 5-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«V бөлүм Лицензиялоо»; 

5. 17-берене төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17-статья. Лицензиялоо 

Кыргыз Банкы банктарга, кредиттик союздарга, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга өзү белгилеген тартипте жана шартта чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды берет.»; 

6. 18-берене күчүн жоготкон катары таанылсын; 

7. 19-беренедеги «жана алмашуу бюролору» деген сөздөр «кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар тарабынан» деген создөр менен алмаштырылсын; 

8. 20-беренедеги «, алмашуу бюролору» деген сөздөр алынып салынсын; 

9. 21-берененин 2-бөлүгүндөгү «банктар» деген сөздөн кийин «кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

2-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-жыл, N8, 922-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 348-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2. 349-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

 

 

 

3-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү (2006-жылдын 8-августундагы “Эркин-Тоо” газетасы, №58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

2-берененин отуз биринчи абзацындагы “(алмаштыруу бюросу)” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

4-берене.  

 

Ушул мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн алмашуу бюролорунун иши токтотулат, ал эми алмашуу бюролоруна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиялар аларда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнө карабастан, ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайтарылып алынууга тийиш.  

 

5-берене. 

1. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк үч айлык мөөнөт ичинде өз ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзам талабына ылайык келтиришсин.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти