Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбооруна карата 

МААЛЫМДАМАНЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болуп, рынок экономикасына өтүү багыты түптөлүп, ишкердикти өнүктүрүү, негизги банктык мыйзамдарды иштеп чыгуу иши 90-жылдардын акырында колго алынган эле.  

90-жылдардын акырында жана 2000-жылдардын баш жагында иштелип чыккан банктык мыйзамдар эксперттердин берген баасы боюнча, мурдагы Советтер союзуна кирген чөлкөмдө учурдун эң эле алгылыктуу, алдыңкы либералдуу документтеринен болгон. Ошол учурда иштелип чыккан прогрессивдүү банктык мыйзамдар учурда таасирдүү иштеп жаткан банк системасынын пайдубалын түптөп, банктык кызмат көрсөтүү рыногун калыптандырууга түрктү берген.  

Акыркы 15 жыл аралыгында колдонулуп келген банктык мыйзамдар Кыргыз Республикасынын банк тутумунун калыптанып, өркүндөшүнө олуттуу салым кошкон. Ошондой болсо да, учур талабы банктык мыйзамдарды мамлекеттин жана коомдун, банктардын жана алардын кардарларынын, бүтүндөй өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн акыркы талаптарына ылайык келгендей жаңылоону жана өркүндөтүүнү талап кылууда.  

Мындан тышкары, 2005-жылдан кийин норма белгилөө ишине системага ылайыксыз мамиле жасалып, республиканын банктык мыйзамдарында ар кандай өксүктөр, дал келбөөчүлүк жана карама-каршылыктар орун алган.  

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы, банктык мыйзамдардын негизин түптөгөн мыйзамдары ар кандай таламдарда улам өзгөртүлүп, макулдашылбаган түзөтүүлөрдүн киргизилишинин натыйжасында, алардын нормаларды бири-бирине каршы келип, айкын өксүктөргө жол берилип, бул чөйрөдө укуктук мамилелерди мыйзамдык чекте жөнгө салуу мүмкүн эмес болгон жагдай келип чыккан.  

Алсак, республикада банк ишин жөнгө салган жана Банктык кодекстин долборунун өзөгүн түзгөн негизги мыйзамдарга (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” жана “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу” мыйзамдары) 40тан ашуун өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 

Мындан тышкары, банктык мыйзамдардын нормалары учур талабына жооп бербей, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалардан артта калып, системага салынган, комплекстүү жана концептуалдуу негизде кайрадан карап чыгууга муктаж абалда калган

Мамлекет жана жарандык коом, ишкердик субьекттери, ички жана тышкы инвесторлор, эл аралык уюмдар республиканын банк сектору ишенимдүү жана таасирдүү иштөө менен кардарларга сапаттуу кызматтарды сунуштоосуна кызыкдар.  

Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү жана республиканын экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн ишенимдүү, таасирдүү жана натыйжа алуу менен иштеген, учурдун бардык талаптарына жооп берген банк тутумунун болушу зарыл. Албетте бул үчүн натыйжалуу иштелип чыккан, бүтүндөй мыйзамдарга шайкеш келип, аларга үндөш банктык мыйзамдардын болушу зарыл.  

Ушуга байланыштуу, республиканын банктык мыйзамдарын реформалоо, Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экономикасынын туруктуу, ишенимдүү алга илгерилешин камсыз кылуу үчүн обүективдүү шарт катары Банктык кодексти кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгууда.  

Анткени Банктык кодексте алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен учурда колдонулуп жаткан мыйзам нормалары концептуалдуу негизде кайрадан каралып чыккан. 

Банктын кодекс, республиканын банктык мыйзамдарынын “флагманы” катары Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарынын өзөгүн системалуу негизде аныктап, өлкөнүн банктык мыйзамдарынын курамындагы ченемдик укуктук актылардын ордун так белгилеп, алардын жарандык мыйзамдарга ылайык келишин камсыз кылууга тийиш.  

Банктык кодекс, банк ишин жүргүзүүнүн өзөгүн түзгөн принциптерди аныктоого, банк ишин жүргүзүүдө келип чыккан мамилелерди укуктук жактан так жөнгө салууга, белгиленген тартипке ылайык банктык кызматтарды сунуштаган банктарды ж.б. жактарды түзүү, лицензиялоо тартибин ирээтке келтирүү үчүн каралган.  

Банктык кодекс, банк ишине катышуучулардын бири-бири жана тышкы субьекттер менен өз ара иш алып баруусунда так укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди белгилеп, ошондой эле учур талабына жооп берген банктык көзөмөлдүктү камсыз кылып, анын натыйжалуулугун, айрыкча консолидацияланган негизде жогорулатууну карайт.  

Банктык кодекс, эң оболу, банк тутумунун туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө өбөлгө түзүшүнө түрткү берүүгө багытталат. Ал, банк ишине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бири-бирине шайкеш келтирүүгө, алардын нормаларын системага салууга, орун алган карма-каршылыктарды, калпыстыктарды четтетүүгө жана укуктук жөнгө салуудагы проблемаларды чечүүгө багытталган. Банктын кодекстин кабыл алынышынын натыйжасында калайык-калктын, ички жана тышкы инвесторлордун банк тутумуна карата ишеними бекемделип, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгү артат деген терең ишен бар

Банктык кодекстин нормаларында банк тутумунун туруктуу ишин камсыз кылуу жагында мамлекеттин жана коомдун таламдарынын, кардарлар менен кредиторлордун таламдарынын, ошондой эле банктар менен башка финансы-кредит мекемелеринин, алардын катышуучулары менен акционерлеринин ортосундагы зарыл тең салмактуулукту камсыз кылган, түздөн-түз таасир этүү өзгөчөлүгү камтылган.  

Банктык кодекстин жоболору ошондой эле, банктык продукттарды жана кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоого, алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылууга да багытталган.  

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышынын социалдык-экономикалык натыйжалары жогоруда келтирилген. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук коргоо жагында, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзамдын сунуш кылынган нормаларын колдонууга киргизүү банк мыйзамдарын оптималдаштыруу жана кодификациялоо милдетин чечүүгө багытталат. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзам талабына ылайык, Банктык кодекстин долбоору Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкуудан кийин Улуттук банкка келип түшкөн сунуш-пикирлер, айтылган сындар эске алынып, кайрадан иштелип чыккан.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй жарандык мыйзамдарга жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам нормаларына ылайык келет. 

Сунушталып жаткан Банктык кодекстин долборунун регулятивдик таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн алкагында ушул мыйзам долбоорунун бул багыттагы мүмкүнчүлүгүнө да талдап-иликтөөлөр ишке ашырылган

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону да талап кылбайт. 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы З.Асанкожоева