Кайта келүү

«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө»  

«Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

«Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар 

1. Микрокредиттик компания өз каражаттарынын жана юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын эсебинен гана Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөөнү (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүүнү), Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоонун тартибине ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) карыз милдеттенмелерин сатып алууну жана сатууну (факторинг); 

2) кардарларга микрокредиттик компанияда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну. 

3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын кошпогондо, ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз. 

33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар 

1. Микрокредиттик компания өз каражаттарынын жана юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын эсебинен гана Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөөнү (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүүнү), Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоонун тартибине ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) карыз милдеттенмелерин сатып алууну жана сатууну (факторинг); 

2) кардарларга микрокредиттик компанияда эсептерди ачпастан банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу. 

Микрокредиттик компания төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция Улуттук банк тарабынан микрофинансылык компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта жүзөгө ашыра алат. 