Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (мындан ары Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48 жана 49-беренелерине ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында бир микрокредиттик компаниянын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген тизмегин ийгиликтүү тестирлөөдөн өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча микрокредиттик компаниялардын операцияларды/кызматтарды көрсөтүүгө тоскоолдуктарды жоюу максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2020-жылдын 26-октябрындагы №2020-ЗСД-КОМ-КПС-15/1 токтому менен бир микрокредиттик компания (МКК) үчүн 2020-жылдын 2-ноябрынан тартып 2021-жылдын 29-октябрына чейинки мезгилге банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлгөн (Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими менен 6 айга 2022-жылдын 30-апрелине чейин узартылган).  

Ушуга байланыштуу, Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-KПС-4/2 токтому менен 2020-жылдын 28-октябрынан 2022-жылдын 30-апрелине чейин жүргүзүлгөн тестирлөө ийгиликтүү деп табылып, чектелген банк операцияларынын төмөнкү тизмегин ишке ашыруу үчүн лицензиянын колдонуу мөөнөтү (2022-жылдын 1-ноябрына чейин, 2023-жылдын 1-майына чейин) узартылган: 

- накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу. 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайринги, «М Булак» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эл аралык төлөм системаларынын (Visa жана MasterCard) карталарынын эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу / QR-коддорун колдонуу, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, эл аралык төлөм системаларынын (Visa жана MasterCard) карталарын, локалдык электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун «тестирлөөнүн жыйынтыктарын чыгаруу» 7-главасынын 36-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен № 2020-П-12\45-3-(НПА), эгерде тестирлөө ийгиликтүү деп табылса, Комитет тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөргө/технологияларга тоскоолдук кылууну жокко чыгарган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунуш киргизет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызматтарды көрсөтүүгө берилген лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөттөрү узартылган учурда Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталышы мүмкүн. 

Кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарынын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын жана эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык микрокредиттик компаниялар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү МКК ийгиликтүү тестирлөөнү эске алуу менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн көбөйүшүнө өбөлгө болот. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Микрофинансылык сектор көбүнчө өлкөнүн региондорунда иштегендигин эске алуу менен, бул накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө жана секторду төлөм инструменттерин пайдаланууга жана өнүктүрүүгө тартууга, банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, өзгөчө региондордо жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Жөнгө салуу ченемдеринин жоктугу жөнгө салуу жана сектор үчүн аброй жоготуу тобокелдигине алып келет. Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү МККнын жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү укуктарын белгилөө үчүн зарыл. 

Мыйзам долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоору жайгаштыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкууга чыгарылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Сунушталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 10-августундагы №444 бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлөт.