Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын мыйзамы  

 

 

1-берене. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2002-ж. Ведомосттору, №9, 412-бер.) мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) - 33-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасындагы «.» тыныш белгиси «;» тыныш белгисине алмаштырылсын. 

2) - 33-беренесинин 2-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу. 

Микрокредиттик компания төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция Улуттук банк тарабынан микрофинансылык компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта жүзөгө ашыра алат». 

 

2-берене. 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Улуттук банк ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти С. Жапаров