Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбооруна карата 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

Проблеманы чагылдыруу: 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан бир микрокредиттик компаниядан (мындан ары МКК) жана кошо арыз берүүчү «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтан (мындан ары «БПБ» ЖАК) келген атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө билдирме каралган.  

Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2020-жылдын 26-октябрындагы № 2020-ЗСД-КОМ-КПС-18/1 токтому менен МКК үчүн 2020-жылдын 2-ноябрынан 2021-жылдын 29-октябрына чейин банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлгөн (Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими менен 6 айга 2021-жылдын 30-ноябрынан 2022-жылдын 30-апрелине чейин узартылган).  

Бул атайын жөнгө салуу режиминин алкагында МКК жана «БПБ» ЖАК, долбоордун ийгилигине баа берүү үчүн, атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында белгиленген бардык сандык жана сапаттык индикаторлорго жетишилди: 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кредиттик карталарынын саны - 5 000 (беш миң) картадан кем эмес; 

- QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга туташтырылган соода-тейлөө ишканаларынын саны - 250 (эки жүз элүүдөн) кем эмес; 

- РОS-терминалдары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга туташтырылган соода-тейлөө ишканаларынын саны - 250 (эки жүз элүүдөн) кем эмес; 

- төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө ашыруу боюнча операциялардын «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары боюнча накталай акча каражаттарын алуу боюнча операцияларга (операциялардын көлөмү боюнча) катышы - 90% карата 10%дан кем эмес (операциялардын жалпы көлөмүнөн 10%дан кем эмеси төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү, операциялардын жалпы көлөмүнөн 90%дан көп эмеси накталай акча каражаттарын чыгаруу); 

- сыналган банк операциясынын жана кызмат көрсөтүүнүн акыркы керектөөчү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына тийгизген таасири - акыркы керектөөчү үчүн пайыздык чен/нарк ушул сыяктуу буга чейин колдонулуп келген кредиттик продукттарга караганда 2 пайыздык пунктка төмөн. 

Ушуга байланыштуу Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 токтому менен, 2020-жылдын 28-октябрынан 2022-жылдын 30-апрелине чейин өткөрүлгөн тестирлөө ийгиликтүү деп табылды жана банк операцияларынын кийинки чектелген тизмегин жүзөгө ашыруу үчүн Лицензиянын аракети узартылды: 

- кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу; 

-  «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайрингин, POS-терминалдар/QR-коддору аркылуу эл аралык төлөм системаларынын карталарынын (Visa жана MasterCard) эквайрингин, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду пайдалануу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Төлөм системасы боюнча комитеттин жогоруда аталган токтомуна ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ийгиликтүү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча МККга операцияларды/кызматтарды көрсөтүүгө тоскоолдуктарды четтеткен тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл. 

Ушуга байланыштуу, Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 27-октябрындагы №2022-ЗСД-КОМ-КПС-12/1 токтому менен МККнын лицензиясынын колдонуу мөөнөтүн 2023-жылдын 1-майына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. 

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 33-беренесине ылайык, микрокредиттик компаниялар кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чыгарылган улуттук төлөм системасынын кредиттик карталарын чыгарууга жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилерин жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашырууга укугу жок. 

Ушуга байланыштуу, өзгөчө Кыргыз Республикасынын региондорунда накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. 

 

1-проблема. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү зарылдыгы. 

Чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү жана жөнгө салуу, накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн инфраструктураны кеңейтүү жана жакшыртуу, калкты накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө которуу максатында Улуттук банк тарабынан мамлекеттик органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга (үчүнчү этап) мамлекеттик программа ишке ашырылган.  

Мамлекеттик программанын алкагында жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдө, ошондой эле субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, накталай эмес формада төлөөнүн ар кандай ыкмаларын, анын ичинде электрондук акчалар, байланышсыз карталар, QR-коддор сыяктуу инновациялык ыкмаларды колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү

2022-жылдын 30-ноябрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген 86 МКК эсептелген. 

Кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

Мындан тышкары, өлкөнүн региондорунда көбүнчө микрофинансылык сектор ишке тартылгандыгын эске алуу менен, бул накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө жана секторду төлөм инструменттерин колдонууга жана өнүктүрүүгө тартууга, өзгөчө региондордо банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

2-проблема. «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында микрокредиттик компаниялардын айрым кызмат көрсөтүүлөрүнө чектөөлөрдүн болушу». 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 33-беренесине ылайык, микрокредиттик компаниялар кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чыгарылган улуттук төлөм системасынын кредиттик карталарын чыгарууга жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашырууга укугу жок. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Ушуга байланыштуу МККлардын бири кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайрингин РОS-терминалдар/QR-коддор аркылуу өз алдынча чыгаруу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде соода-тейлөө ишканалары менен РОS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары локалдык электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акчалар менен эсептешүүлөр системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн сыноодон өткөрдү, натыйжада мындай тестирлөөнүн ийгиликтүүлүгүн көрсөттү жана төмөнкүлөр үчүн лицензиянын колдонуу мөөнөтү узартылды: 

- кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу. 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайрингин, «МКК «М Булак» ЖЧК POS-терминалдар/QR-коддору аркылуу эл аралык төлөм системаларынын карталарынын (Visa жана MasterCard) эквайрингин, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду пайдалануу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Алсак, тестирлөө мезгилинде жана 2022-жылдын 1-октябрына карата алар тарабынан 39 067 карта чыгарылган, соода-тейлөө ишканаларында 271 POS-терминал орнотулган, 255 соода-тейлөө ишканасында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Региондун аталышы 

POS-терминалдар  

Соода-тейлөө ишканаларындагы QR-коддордун саны 

Соода-тейлөө ишканасында 

Накталай акча берүү пункттары 

Бишкек ш. 

47 

48 

Чүй областы  

35 

36 

Ысык-Көл областы 

18 

20 

Нарын областы 

16 

16 

Талас областы 

29 

26 

Жалал-Абад областы 

44 

44 

Ош областы 

45 

Баткен областы  

16 

18 

Жыйынтыгы 

250 

21 

255 

Мыйзамдардагы орун алган чектөөлөрдү четтетүү жана бул алгылыктуу тажрыйбаны башка МККларда колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-пунктуна ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталышы мүмкүн. 

2. Проблеманын масштабы 

МКК Кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгарууда жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин ишке ашырууда каралып жаткан проблеманын масштабы бүткүл өлкөгө тиешелүү, мында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт, бул Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү фактор болуп саналат.  

МККнын жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү укуктарды белгилөө бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн укуктук натыйжасы болуп саналат. 

МККнын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнүн алгылыктуу натыйжаларын бардык жерде пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизген проблема, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, МККнын бул операцияларды жүзөгө ашыруу укугунун жоктугу саналат. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Мурда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндө коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системасы боюнча комитеттин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-4/2 токтому менен, 2020-жылдын 28-октябрынан 2022-жылдын 30-апрелине чейин өткөрүлгөн тестирлөө ийгиликтүү деп табылып, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн лицензиянын колдонуу мөөнөтү узартылды: 

- кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын эквайрингин, POS-терминалдар/QR-коддору аркылуу эл аралык төлөм системаларынын карталарынын (Visa жана MasterCard) эквайрингин, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду пайдалануу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 33-беренеси МККларга тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бербейт, б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берүүчү ченемдер жок. 

 

Жөнгө салуучу проблемалардын төмөнкү масштабын белгилейт. 

Социалдык аспектте: жөнгө салуучу ченемдердин жоктугу, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнү ийгиликтүү деп таануунун жыйынтыгы боюнча жөнгө салуу жана сектор үчүн аброй жоготуу тобокелдигине алып келет. 

Аймактык аспектте: бул проблемалар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык керектөөчүлөрүн камтыйт. 

Улуттук банк тарабынан проблемаларды чечүүнүн укуктук негиздери - тестирлөөнү аяктоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү

Проблемаларды чечүүнүн актуалдуулугу. 

Жогоруда көрсөтүлгөн проблемалардын негизинде жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылат. 

4. Эл аралык тажрыйба 

Банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын карталары Россия Федерациясында жайылтылган, мында банк эмес кредиттик уюмдар Россия Федерациясынын Борбордук банкында корреспонденттик эсептерге ээ жана төлөм карталарынын эмиссиясын ишке ашырышат (Золотоя корона). Бирок бул карталар акча которуулар үчүн колдонулат, ал эми Кыргызстанда кредитти накталай эмес берүүгө которуу максатында МКК карталарын чыгаруу тажрыйбасы өзгөчө болот. 

 

II. Сунушталган жөнгө салууну чагылдыруу 

5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чыгарылган улуттук төлөм системасынын кредиттик карталарын жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги мамлекеттик жөнгө салуунун максаты болуп саналат, бул Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

Максатка жетүүнүн сапаттык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет

- калктын накталай эмес формада кредит алуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорку деңгээли; 

- накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр жагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 

- региондорду өнүктүрүү

Максатка жетүүнүн сандык көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет

- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү

- төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алган соода-тейлөө ишканаларында РОS-терминалдардын санын көбөйтүү

6. Сунушталып жаткан жөнгө салуу 

«Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү». 

6.1. «Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты 

Жөнгө салуунун бул варианты кредиттерди накталай эмес формада берүү үчүн алдын ала чыгарылган улуттук төлөм системасынын кредиттик карталарын чыгаруу жана төлөм карталарынын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчаларынын, эки өлчөмдүү штрих-код (QR-код) белгилеринин жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги жагында жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

7. Жөнгө салуунун болжолдуу социалдык жана экономикалык натыйжаларын баалоо 

7.1. Күтүлүүчү натыйжага мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жетишилет.  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасир: 

1) экономикага тийгизген таасири: алгылыктуу жана терс; 

Алгылыктуу, анткени ал накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө, калктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.  

Терс - жок. 

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: алгылыктуу жана терс; 

Алгылыктуу, анткени ал региондорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.  

Терс - жок. 

3) экологиялык таасири: алгылыктуу жана терс. 

Экологияга тийгизген таасири колдонулбайт. 

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна - жөнгө салуучу даректерге күтүлгөн таасир: 

1) мамлекеттик органдар (мамлекеттик органдар боюнча бөлүү менен): алгылыктуу жана терс; 

Колдонулбайт, анткени мамлекеттик органдардын катышуусуна алып келбейт. 

2) ишкерлер (тандалган критерий боюнча бөлүнгөн): алгылыктуу жана терс; 

Микрокредиттик компаниялар ишке тартылат, алар микрокредиттик компаниялар катары алардын ишин өнүктүрүү үчүн алгылыктуу.  

Терс жагы, капиталдын же кызматкерлердин даярдыгынын деңгээлинин жетишсиздигинен улам бардык эле МККлар мындай операцияларды жүзөгө ашыра алышпайт. 

3) калк (тандалган критерий боюнча бөлүнгөн): алгылыктуу жана терс. 

Алгылыктуу, анткени калктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээли, ошондой эле алардын финансылык сабаттуулугунун жогорулашы. 

Терс - секторго ишенбөөчүлүк. 

8. Сарптоолорду жана пайданы баалоо 

8.1. Ишкердик субъекттеринин сарптоолорун жана пайдасын баалоо: 

Сарптоолор жана пайдалар боюнча конкреттүү сумманы белгилөө мүмкүн эмес, анткени сунуш кылынган жөнгө салуунун субъекттери сарптоолорду өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде тартышат. 

8.2. Мамлекеттик бюджеттин сарптоолорун жана пайдаларын баалоо: 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

9. Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

1-тобокелдик: 

- атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүгө тоскоолдук кылган, жеткире иштелип чыкпаган мыйзамдар; 

Сунушталып жаткан жеңилдетүү чарасы: - мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү

2-тобокелдик: 

- жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөдөн өткөргөн жана өзүнүн ички системасын модернизациялоого кеткен чыгымдарды тарткан МККнын нааразычылыгы; 

- бул кызматты колдонгон жана аны колдонууну улантууну каалаган керектөөчүлөрдүн нааразычылыгы. 

Сунушталып жаткан жеңилдетүү чарасы - мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин атайын жөнгө салуу режими боюнча лицензиянын колдонулушун узартуу. 

3-тобокелдик: Депозиттик базанын пайда болушу. Кардар картаны каалаган суммага толтура алат. Бул сумма кредитти төлөөгө гана багытталууга тийиш. Кредит боюнча күндөлүк төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн зарыл болгон суммадан көбүрөөк суммага толукталган учурда же эгер кредит толугу менен төлөнсө, анда мындай учурда ашыкча төлөө суммасы келип чыгат жана анын натыйжасында депозиттик базанын пайда болуу тобокелдиги жаралат. Кардар ашыкча төлөө суммасын кредитти төлөөдөн башка максаттарга төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө ашырууга, банкоматтардан акча каражаттарын накталай алууга жана башкаларга пайдалана алат, ошону менен кардар акча каражаттарын өзүнүн эсептешүү/депозиттик эсебинен тескей баштайт. 

Сунушталган жеңилдетүү чарасы - МККда төмөнкү чектөөлөрдү/милдеттенмелерди белгилөө

- МКК кредитти төлөөдөн айырмаланган башка максаттарга ашыкча төлөнгөн сумманы колдонууга, атап айтканда төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө ашырууга, банкоматтардан акча каражаттарын накталай акчага айландырууга жана башкаларга жеткиликсиздикти (тыюу салууну) камсыз кылууга тийиш. 

- ашыкча төлөнгөн суммалар кредитти төлөөгө (кредит боюнча күндөлүк төлөмдөргө же кредит боюнча келечектеги төлөмдөргө), мындай учурда ашыкча төлөнгөн сумма тоңдурулган/блокировкаланууга жана кредит боюнча кезектеги төлөм/кезектеги төлөмдөр келип жеткенге чейин кардардын пайдалануусу үчүн жеткиликсиз болууга же МККга кардардын башка/параллель кредиттерин төлөөгө багытталууга тийиш. 

- кредит толугу менен төлөнгөн шартта гана ашыкча төлөө суммасы кардарга МККнын кассасы аркылуу накталай формада берилүүгө же кардардын өзү көрсөткөн банктык эсепке же электрондук капчыкка чегерилүүгө тийиш. 

4-тобокелдик: 

- зарыл финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздиги; 

Зарыл финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздигин толук өлчөмдө баалоо мүмкүн эмес, анткени ал МККнын белгиленген бюджеттерине жараша болот. 

5-тобокелдик: 

- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздиги; 

Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздигин баалоо мүмкүн эмес, анткени ар бир долбоорду жана анын ресурстук базасын ишке ашыруу ар бир МККдан өзүнчө көз каранды. 

6-тобокелдик: 

- сунушталган жөнгө салуу тарабынан киргизилген талаптардын сакталышына тийиштүү контролду камсыз кылбоо төмөн деп бааланат. Анткени контролдоо ченемдик укуктук актылардын жана инспектордук текшерүүлөрдүн негизинде тышкы көзөмөлдүн алкагында жүргүзүлөт. 

7-тобокелдик: 

- сунушталган жөнгө салуу, жөнгө салуу органдарынын учурдагы административдик-башкаруу потенциалына ылайык келбегенде; 

Азыркы учурда МКК кредиттерди берүү боюнча өз ишин жүзөгө ашырып жатат, кредиттерди накталай эмес формада берүү мүмкүнчүлүгү калктын кредитти накталай эмес формада алуу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт. Жөнгө салуучу органдын административдик-башкаруучулук потенциалы бар. 

Сунушталып жаткан жеңилдетүү чарасы - ченемдик укуктук актылардагы талаптар, квалификациянын деңгээлин жогорулатуу. 

10. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Бул ченемдер бардык микрокредиттик компанияларга тиешелүү, ага ылайык, бардык микрокредиттик компанияларда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. 

11. Кызыкдар тараптардын пикири 

1) мамлекет 

Колдонулбайт, анткени мамлекеттик органдарга таасир этпейт. 

2) ишкерлер 

Микрокредиттик компаниялар ишке тартылган, ага ылайык микрокредиттик компаниялар катары алардын ишине алгылыктуу. 

Капиталдын деңгээли жетишсиз болгон жана кызматкерлердин даярдыгына ээ болгон МККлар үчүн, ошондой эле микрофинансылык сектордун рыногунун башка субъекттери үчүн терс көрүнүш. 

3) калк 

Алгылыктуу, анткени калктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээли, ошондой эле алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу камсыз кылынат. 

Ченемдик-укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жана «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө билдирүү 2022-жылдагы 5-декабрында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылган, 2022-жылдын 20-декабрына карата бул билдирүүгө карата сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес. 

Улуттук банктын расмий интернет-сайтындагы сунуштардын жана жооптордун реестри 2022-жылдын 27-декабрында жайгаштырылган. 

12. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жогоруда аталган проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет жана накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет, анткени микрокредиттик компанияларды тартуу аркылуу аралыкта орнотуу жабдуулары менен камтуу чөйрөсү кеңеет. Бул айрыкча Кыргыз Республикасынын региондорунда актуалдуу, калктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, кредиттик каражаттарды улуттук валютада накталай эмес формада төлөө үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болот, кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануунун ачыктыгы жогорулайт ж. б.  

Бул мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча микрокредиттик компания үчүн тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөргө лицензиянын колдонулушу узартылды. 

 

 

 

 

Тиркеме 

 

Сунушталган жөнгө салуу үчүн күтүлгөн экономикалык кесепеттерге 

БАА БЕРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды ишке киргизүүгө байланыштуу банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын өзүнчө же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 4-пунктуна ылайык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды атайын жөнгө салуу режиминин алкагында апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталышы мүмкүн. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, микрокредиттик компаниялар атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөдөн өткөн кызматтарды көрсөтө алса, экономикага жана социалдык чөйрөгө алгылыктуу таасир тийгизүүсү күтүлүүдө

Микрофинансылык сектор көбүнчө өлкөнүн региондорунда ишке тартылгандыгын эске алуу менен, бул накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө жана секторду төлөм инструменттерин колдонууга жана өнүктүрүүгө тартууга, өзгөчө региондордо банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.