Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 19-декабрындагы
№ 2025-П-01/68-1-(ВД)
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылга карата
иш планы
|
№ |
Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунушталган маселелердин кыскача мазмуну |
Өткөрүү мөөнөтү |
|
I. Жалпы маселелер |
||
|
1. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын иш планы жөнүндө. |
Чейрек сайын |
|
2. |
Улуттук банктын туунду/ассоциацияланган уюмдарынын иши жөнүндө (туунду/ассоциацияланган уюмдардын акцияларын сатып алуу/сатуу, туунду/ ассоциацияланган уюмдардын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйындары). |
Зарылчылыкка жараша |
|
3. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жыл үчүн жылдык отчёту жөнүндө. |
I чейрек |
|
4. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жыл үчүн өзүнчө финансылык отчётун бекитүү тууралуу. |
I чейрек |
|
5. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жыл үчүн консолидацияланган финансылык отчётун бекитүү тууралуу. |
I чейрек |
|
6. |
Эл аралык резервдердин 2025-жылы тескөөгө алынышы боюнча отчёт жөнүндө. (Кызматтык иште пайдалануу үчүн). |
I чейрек |
|
7. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ички аудит башкармалыгынын 2025-жыл үчүн ишинин отчёту тууралуу. |
I чейрек |
|
8. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ички контролдоо системасынын 2025-жылдагы ишине баа берүү боюнча отчёт жөнүндө. |
I чейрек |
|
9. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Аудит боюнча комитетинин 2025-жыл үчүн отчёту тууралуу. |
I чейрек |
|
10. |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Улуттук банктын ишине жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу. |
II чейрек |
|
11. |
«Кыргыз инкассациясы» ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны жөнүндө. |
I чейрек |
|
12. |
«Кепилдик фонд» ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны жөнүндө. |
II чейрек |
|
13. |
«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны жөнүндө. |
II чейрек |
|
14. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жыл үчүн консолидациялан-ган жана өзүнчө финансылык отчётуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча «Бейкер Тилли Бишкек» ЖЧК аудитордук уюмунун сунуш-көрсөтмөлөрү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө. |
II чейрек (сунуш-көрсөтмөлөр болгон учурда) |
|
15. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарынын 2025-үчүн отчёттору. |
II чейрек |
|
16. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджеттерин 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча корректировкалоо тууралуу. |
III чейрек |
|
17. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жыл үчүн жылдык отчётунун түзүмү жана аны даярдоо боюнча иш программасы жөнүндө. |
IV чейрек |
|
18. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2027-жылга кирешелер жана чыгашалар бюджети жөнүндө. |
IV чейрек |
|
19. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2027-жылга өнүктүрүү бюджети жөнүндө. |
IV чейрек |
|
20. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык резервди тескөө боюнча 2027-жылга каралган инвестициялык саясатын бекитүү тууралуу. (Кызматтык иште пайдалануу үчүн). |
IV чейрек |
|
II. Акча-кредит саясаты боюнча маселелер |
||
|
21. |
Акча-кредит саясаты жөнүндө (акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт, келээрки мезгилге карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү сценарийлери). |
Чейрек сайын |
|
22. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү тууралуу. |
Банк Башкармасы-нын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын графигине ылайык 8 жолу |
|
23. |
Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуулугу жөнүндө отчёт тууралуу. |
II чейрек IV чейрек |
|
24. |
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатып алынуучу Good Delivery стандартындагы алтындын өлчөмү жөнүндө (Кызматтык иште пайдалануу үчүн). |
IV чейрек |
|
25. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2027-жылга карата акча-кредит саясаты жөнүндө билдирүүсү тууралуу. |
IV чейрек |
|
26. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча отурумдарынын 2027-жылга каралган графиги жөнүндө. |
IV чейрек |
|
III. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө жана пруденциалдык жөнгө салуу нормалары тууралуу |
||
|
27. |
Коммерциялык банктарга улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия, баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүүгө, электрондук акча чыгарууга уруксат берүү жана «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды улуттук жана/же чет өлкө валюталарында жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө. |
Өтүнүч каттардын келип түшкөнүнө жараша |
|
28. |
Банктык лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялар тизмесинен) чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө. |
Өтүнүч каттардын келип түшкөнүнө жараша |
|
29. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (банкты, банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун/ төлөм уюмдарын лицензиялоо бөлүгүндө). |
Зарылчылыкка жараша |
|
30. |
Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө. |
Зарылчылыкка жараша |
|
31. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктарды/банк эмес финансы-кредит уюмдарын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жөнгө салуу жана көзөмөлдөө методологиясы чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. |
Зарылчылыкка жараша |
|
32. |
Кыргыз Республикасынын системалуу мааниге ээ коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын тизмеси жөнүндө. |
IV чейрек |
|
IV. Төлөм системасы боюнча маселелер |
||
|
33. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системаларын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жөнгө салуу жана көзөмөлдөө методологиясы чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. |
Зарылчылыкка жараша |
|
V. Накталай акча жүгүртүү боюнча маселелер |
||
|
34. |
Купуя маселе. |
Зарылчылыкка жараша |
|
35. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кассалык иш боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө. |
Зарылчылыкка жараша |
|
36. |
Коллекциялык монеталардын эскиздерин бекитүү жөнүндө. |
I чейрек |
|
37. |
Коллекциялык монеталарды бөлүштүрүү, сатуу баасы жана жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө. |
II -IV чейрек |
|
38. |
Коллекциялык монеталарды даярдоо боюнча 2027-жылга карата планды бекитүү жөнүндө. |
IV чейрек |
|
39. |
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда 2027-жылы аффинаждалган монетардык эмес алтынды сатып алуу көлөмү жөнүндө (кызматтык иште пайдалануу үчүн). |
IV чейрек |
|
VI. Улуттук банктын ички иштерин уюштуруу боюнча маселелер жана башка маселелер |
||
|
40. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. |
Зарылчылыкка жараша |
|
41. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. |
Зарылчылыкка жараша |
|
42. |
2026, 2027 жана 2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча сынак өткөрүү жөнүндө |
I чейрек |
|
43. |
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таза пайдасын бөлүштүрүү жөнүндө. |
I чейрек |
|
44. |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Улуттук банктын 2025-жыл ичинде аткарган ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө. |
III чейрек (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча көрсөтмөсүн жөнөткөндөн кийин бир айдын ичинде) |
|
45. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчыларын сыйлоо тууралуу. |
II, III, IV чейректер |
|
46. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчыларын 2026-жылга карата окутуу планы жөнүндө. |
IV чейрек |
|
47. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2026-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча жүргүзүлгөн ар жылдык инвентаризациянын жыйынтыгы жөнүндө. |
IV чейрек |







