Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы.
Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгынын негизги максаты – Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз колдоого алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасына, төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, ошондой эле банктардын (төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актыларга байланыштуу маселелер боюнча) ишине тышкы (аралыктан) көзөмөл жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык алардын ишине мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү (инспекцияларды) жүргүзүү аркылуу монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу.







