Кайта келүү

 Конъюнктура: 3 - 6 ноябрь



"Забема" кредиттик союзу" финансылык кооперативинин лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 31-октябрындагы токтому менен "Забема" кредиттик союзу" финансылык кооперативинин лицензиясы 2014-жылдын 4-ноябрынан тартып кайтарылып алынды. Көзөмөл боюнча комитеттин бул чечими аталган финансылык кооперативдин Башкармасынын жоктугуна жана анын кызмат адамына кылмыш ишинин козголгондугуна байланыштуу, Улуттук банктын жазма буйруктарын аткаруунун мөөнөтүн системалуу түрдө бузуудан, Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдөө иш милдеттерин аткаруу учурунда алардын ишине бир нече жолу каршылык көрсөткөн иш-аракеттерди аткаруудан, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы №32/5 токтомун аткарбагандан, 2014-жылдын 3-чейреги үчүн Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту сунуштабагандан улам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 32-беренеси, Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союзар жөнүндө" мыйзамынын 30-беренеси, "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун 3.8-пункту, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун 2.1-пунктунун "т" пунктчасы) негизинде кабыл алынды".  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Көзөмөл боюнча комитеттин 2014-жылдын 23-октябрындагы 37/4 токтому менен "Байкал" кредиттик союзуна 2001-жылдын 26-июлунда берилген № 278 лицензия кайтарылып алынгандыгын маалымдайт. 

 

 

 

Улуттук банк "Микрокаржылоо: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер" темасына арналган республикалык сынактын жыйынтыгын чыгарды.  

Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнү алдында 2014-жылдын 5-ноябрында Улуттук банкта Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаты арасында өткөрүлгөн "Микрокаржылоо: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер" темасына арналган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.  

Сынак калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында 2014-жылдын февраль айынан тарта октябрь айына чейинки мезгил ичинде өткөрүлгөн. Ага республиканын жалпыга маалымдоо каражатынын 30дан ашык өкүлү өз макалалары менен катышты. Улуттук банк Башкармасынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү кирген сынак комиссиясы сунушталган 50гө жакын эмгекти кароого алышкан.  

Сынактын жыйынтыгын чыгарган салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, Улуттук банктын Төрагасы Абдыгулов жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнө Улуттук банктын ишине маалыматтык жактан колдоо көрсөткөндүгү, сынактын темасын чагылдырууга жана кыргызстандыктардын билим деңгээлин жогорулатууга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. "Комиссиянын кароосуна түшкөн материалдар эч кимди көңүл кош калтырган жок. Журналисттер жан дили менен берилип, чыгармачылык нукта объективдүү чагылдырган макалалардын, теле жана радио сюжеттерди саны арбын болду. Биз бүгүн эң мыкты эмгектердин авторлорун куттуктап, баалуу белектерди, анын ичинде Улуттук банктын коллекциялык күмүш монеталарын тапшыруу үчүн чогулуп отурабыз" - деп белгиледи.  

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын төмөнкү өкүлдөрү сынактын лауреаттарынан, жеңүүчүлөрүнөн жана диплом менен баалуу белектердин ээлеринен болушту:  

1. "Кыргыз тилинде эң мыкты телематериал" номинациясында - Мээрим Баялиева, ЭлТР телеканалы;  

2. "Кыргыз тилинде эң мыкты радиоматериал" номинациясында - Мээрим Дуйшеналиева, "Биринчи радио" радиостанциясы; 

3. "Кыргыз тилинде жалпыга маалымдоо каражатынын эң мыкты басма материалы" номинациясында - Назгуль Бостонбаева, "Заман Кыргызстан" газетасы;  

4. "Орус тилинде эң мыкты телематериал" номинациясында - Асель Минбаева, НБТ;  

5. "Орус тилинде эң мыкты радиоматериал" номинациясында - Ирина Егинбаева, "Биринчи радио" радиостанциясы; 

6. "Орус тилинде жалпыга маалымдоо каражатынын эң мыкты басма материалы" номинациясында - Иван Донис, "Аргументы и факты" газетасы; 

7. "Орус тилинде интернет-басылмаларындагы эң мыкты материал" номинациясында - Мунара Боромбаева, "КирТАГ" маалымат агенттиги; 

8. "Аймак боюнча эң мыкты радиоматериал" номинациясында - Алтынай Рыспай кызы, "Ысык-Көл толкуну" радиостанциясы (Каракол шаары) ; 

9. "Аймак боюнча жалпыга маалымдоо каражатынын эң мыкты басма материалы" номинациясында - Клара Эсеналиева, "Теңир Тоо" газетасы (Нарын шаары).  

"Орус тилинде интернет-басылмаларындагы эң мыкты материал" жана "Аймак боюнча интернет-басылмаларындагы эң мыкты материал" номинациялары билдирмелердин жоктугуна байланыштуу сынак комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн эмес деп таанылган, ал эми "Аймак боюнча эң мыкты телематериал" номинациясы боюнча түшкөн билдирмелер сынактын талаптарына туура келбейт деп аныкталган.  

Экономика жана финансы маселелерин жарандарга эң мыкты чагылдырууга кошкон салымы үчүн Улуттук банктын атынан дипломдорго жана баалуу белек түрүндө кызыктыруучу белектерге: "Биринчи радио" радиостанциясынын баяндамачысы Назира Молдокулова, "Алиби" газетасынын корреспонденти Дайырбек Мейманов, ЭлТР телеканалынын корреспонденти Чолпон Кармышакова, "Вечерний Бишкек" газетасынын корреспонденти Александра Василькова, "Деловой Кыргызстан" газетасынын корреспонденти Лариса Ли, "Knews" маалымат агенттигинин корреспонденти Айганыш Абдраева, "КирТАГ" маалымат агенттигинин корреспонденти Бакыт Толканов, "NextTV" телеканалынын корреспонденти Эльмира Суйунтбекова (Талас шаары), "Балыкчы FM" радиостанциясынын корреспонденти Галина Цой татыктуу болушту.  

 

 

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен пикир алышуу көндүмдөрүн өздөштүрүү боюнча Улуттук банктын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү 

Улуттук банктын негизги башкармалыктарынын 20 өкүлүнүн катышуусунда "Жалпыга маалымдоо каражаттары менен ийгиликтүү иш алып баруу чеберчилиги" темасында окутуу боюнча тренинг болуп өттү.  

Аталган иш-чара Улуттук банктын адистеринин журналисттер менен пикир алышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ушул максатта Кыргызстандын белгилүү медиаэксперттери Марс Тулегенов менен Аделя Лаишева тренингге чакыртылган. 

Расмий тилде өткөн эки күндүк окутуунун жүрүшүндө тренингдин катышуучулары коомчулук алдында чыгып сүйлөө чеберчилиги жана ага кантип даярдык көрүү негиздери менен таанышты. Ошондой эле эксперттер коомчулукка чыгып сүйлөө учурунда сүрөт жана видеокамералар алдында өзүңдү алып жүрүү эрежелери тууралуу айып беришти.  

Өзгөчө тренингдин практика жүргүзгөн бөлүгү кызматкерлердин кызыгуусун арттырды, мында атайын оюн учурунда Улуттук банктын өкүлдөрү журналисттердин ролун аткаруу менен ар бир катышуучунун видео-интервьюлары жазылып алынган. 

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен ийгиликтүү жана үзүрлүү иш алып баруунун сырлары тууралуу да сөз болуп, жергиликтүү жана чет өлкө маалымат каражаттарынан ийгиликтүү өз ара иш алып баруу жаатында айкын мисалдар келтирилди.  

Тренингдин катышуучулары алган теориялык билимди практика жүзүндө иштеп жаткан кесиптик ишибизде мындан ары пайдалануу максатында, ушул сыяктуу окутуп үйрөткөн иш-чараларды мезгил-мезгили менен өткөрүп туруунун зарылдыгын белгилешти.  

 

 

 

BLIZKO акча которуулар системасынын оператору АКБ "Связь-Банк" ААКсы "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өтүп, ага 1006291014 каттоо номери ыйгарылган. 

 

 

 

"Caspian Money Transfer" акча которуулар системасынын оператору "Заминбанк" ААКсы "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өтүп, ага 1005271014 каттоо номери ыйгарылган. 

Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "Caspian Money Transfer" акча которуулар системасынын оператору "Заминбанк" ААКсы 2014-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөткөн Операторлор реестрине 1005271014 номери менен катталган.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "АЙША КБ" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 3-ноябрында № 5166 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоо № 3156. Юридикалык дареги: Кара-Балта шаары, Карл Маркс көч., 2. 

2. "Евро Капитал плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 3-ноябрында № 5167 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоо № 3157. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов атындагы көчө,125. 

3. "Айз обмен" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 5-ноябрында № 5168 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоо № 3158. Юридикалык дареги: Чүй областы, Аламүдүн району, "Манас" аэропорту, 2-кабат. 

4. "Сэнсон Гранд" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 6-ноябрында № 5169 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоо № 3159. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көч., 164, 7-кв. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

1) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Джуманазарова Гульсун Калдаровнага 2011-жылдын 18-ноябрында берилген №4793 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 274; 

2) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Усенова Гулжан Абдыкеримовнага 2011-жылдын 17-ноябрында берилген №4792 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ден Сяопин көч., ү.4, 15-кв;  

3) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Эталиев Алмазбек Шаршебаевичке 2011-жылдын 17-ноябрында берилген №4791 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ден Сяопин көч., ү.4, 13-кв;  

4) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Абдазов Сабиржан Эргашевичке 2011-жылдын 4-ноябрында берилген №4786 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош обл, Кара-Суу шаары, Туратали базары, 0-катар, №4а алмашуу бюросу; 

5) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Закиров Мамиржан Алижановичке 2011-жылдын 4-ноябрында берилген №4785 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош обл, Кара-Суу шаары, Туратали базары, 0-катар, №1 алмашуу бюросу; 

6) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Абдыкалыкова Орозбу Макситовнага 2011-жылдын 4-ноябрында берилген №4784 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош обл, Кара-Суу шаары, Туратали базары, 0-катар, №4 алмашуу бюросу; 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 03-ноябрынан тартып 06-ноябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

22 245 007 264,46 

56 300 

1 830 468 470,92 

51 785 

20 414 538 793,54 

4 515 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,2 

92,0 

91,8 

8,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,2 

1,5 

1,8 

1,6 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

17,3 

11,2 

29,7 

12,1 

16,2 

0,7 

БКга түшкөндөр 

8,9 

39,4 

14,7 

42,6 

8,4 

3,3 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

0,3 

0,4 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

22 245 007 264,46 

56 300 

1 830 468 470,92 

51 785 

20 414 538 793,54 

4 515 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

28 274 625 271,84 

74 804 

2 028 922 238,88 

68 782 

26 245 703 032,96 

6 022 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-6 029 618 007,38 

-18 504 

-198 453 767,96 

-16 997 

-5 831 164 239,42 

-1 507 

-21,3 

-24,7 

-9,8 

-24,7 

-22,2 

-25,0 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

31.10.2014 

06.11.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

334 486 

339 250 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1439 

765 

674 

1439 

765 

674 

Банкоматтардын саны  

416 

416