Кайта келүү

 Конъюнктура: 8 - 12 сентябрь



Улуттук банктын Төрагасынын орун басары АКШ Казыналыгынын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушту  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Нурбек Жениш 2014-жылдын 12-сентябрында АКШ Казыналыгынын Мамлекеттик департаментинин аймактык кеңешчилери Кэрол Кохен жана Нарек Сагерян менен жолугушту. Жолугушууга Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин саясий-экономика бөлүмүнүн жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы эл аралык өнүгүү агенттигинин миссиясынын өкүлдөрү катышты.  

Жолугушуу учурунда тараптар өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы, КМШ өлкөлөрүнөн жана чет өлкөлөрдөн акча которуулар, республиканын соода балансы жана Улуттук банктын акча-кредит саясаты темаларын талкууга алышты.   

Тараптар, жолугушуунун акырында эки тараптуу кызматташууну мындан ары да жигердүү улантуу ниетин билдиришти.   

2014-жылдын 2-4-сентябрь күндөрү "Банктык эмес финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу " темасына арналган семинар боюнча маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2014-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрга чейинки мезгил аралыгында “Банктык эмес финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу “ темасына арналган семинар өткөрдү. Семинарга ЕврАзЭСке мүчө болгон бир нече мамлекеттердин: Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасынын борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрү катышты.   

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторун өнүктүрүү тажрыйбасы, алардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдык жана ченемдик база, микрокаржылоо уюмдарынын, кредиттик союздардын, алмашуу бюролорунун, төлөм системасынын операторлорунун ишине көзөмөл жүргүзүү процесси тууралуу кең-кесири сөз болду. Улуттук банктын кызматкерлери, Кыргызстан микрокаржылоо уюмдар ассоциациясынын, Кредиттик союздар жана Кыргызстан кооперативдер ассоциациясынын, ошондой эле "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын өкүлдөрү баяндама жасашты.  

Семинардын катышуучулары тарабынан ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерде көзөмөлдөө жана жөнгө салуу тажрыйбалары сунушталып, банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү талкууга алынды. Жыйынтыгында, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын мыйзамдык жана ченемдик базасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен семинардын жүрүшүндө жетишилген тажрыйба алмашууну андан ары улантуу ниети билдирилди.  

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди: 

 

1) "Умар Компани" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 8-сентябрында № 5147 лицензия берилди. ЖЧКнын юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 150, №26. 

2) "Сильвер Кей Джи" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 11-сентябрында № 5148 лицензия берилди. ЖЧКнын юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 146, №1 кеңсе. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары кайра кайтарылган: 

 

1) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Махаматжанов Адахам Махмуджановичтин алмашуу бюросуна 2012-жылдын 13-февралында берилген № 4843 лицензия кайтарылып алынды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Достук участогу (бажы өткөрмө жайы). 

2) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Шопоков Жангазы Тологоновичтин алмашуу бюросуна 2011-жылдын 29-декабрында берилген № 4824 лицензия жокко чыгарылды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Бишкек ш., Ж.Абдрахманов атындагы көчө 146 ("Сильвер" алмашуу бюросу). 

3) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Хожиматова Саламат Садыкжановнанын алмашуу бюросуна 2013-жылдын 15-мартында берилген № 5083 лицензия жокко чыгарылды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, “Достук” бажы өткөрмө жайы, №3 пункт. 

4) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Кубижанов Хабибилла Атажановичтин алмашуу бюросуна 2012-жылдын 20-июлунда берилген № 5022 лицензия жокко чыгарылды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Катта-Терек участогу 17 ("Достук" өткөрмө жайы боюнча багыт алуу). 

5) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Курбанова Алмахан Абдусаламовнанын алмашуу бюросуна 2011-жылдын 22-декабрында берилген № 4815 лицензия жокко чыгарылды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, "Достук" бажы өткөрмө жайы, "Достук" алмашуу бюросу. 

6) Нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жеке ишкер Махамаджанов Равшанбек Арабжановичтин алмашуу бюросуна 2011-жылдын 6-декабрында берилген № 4806 лицензия жокко чыгарылды. Алмашуу бюросунун юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, номери жок, №3 алмашуу бюросу (жаңы автобекетке багыт алуу). 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы  

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 08-сентябрынан тартып 12 сентябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

30 166 583 012,18 

87 974 

2 371 493 898,66 

82 447 

27 795 089 113,52 

5 527 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

7,9 

93,7 

92,1 

6,3 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,1 

1,2 

1,1 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,4 

7,0 

16,8 

7,4 

8,7 

0,6 

БКга түшкөндөр 

8,4 

45,3 

18,8 

48,2 

7,5 

2,6 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,7 

5,3 

9,2 

5,7 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,7 

10,9 

9,1 

11,7 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

30 833 456 862,71 

81 445 

1 978 642 370,86 

76 320 

28 854 814 491,85 

5 126 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-666 873 850,53 

6 529 

392 851 527,80 

6 127 

-1 059 725 378,33 

401 

-2,2 

8,0 

19,9 

8,0 

-3,7 

7,8 

  

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

04.09.2014 

12.09.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

321 987 

   

 

323 664 

   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1413 

762 

651 

 

1417 

762 

655 

Банкоматтардын саны  

397 

397