Кайта келүү

Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактар  

 

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  

укугуна лицензия алган юридикалык жактар гана Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу бюролорун ача алышат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көзөмөлдүк функцияларын ишке ашыруунун алкаганда Улуттук банк, алмашуу бюролорунун лицензиясыз, мыйзам чегинен тышкары ишкердигин алдын алуу, аныктоо жана аларга бөгөт коюу чараларын көрөт.  

2014-жылдын баш жагынан тартып алмашуу бюролорунун банк мыйзамдарынын талаптарын сактоосуна рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келген бир катар алмашуу бюролору аныкталган.  

Алсак, 2014-жылдын 1-чейреги ичинде Улуттук банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн 37 жеке адам Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, айыптык төлөм өндүрүү түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Республикалык бюджетке төлөнө турган айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 63 000 сомду түзгөн.  

Улуттук банк, мыйзамсыз иш алып барган алмашуу бюролору тарабынан алдоо, алдамчылык жана башка укукка жатпаган иштерине жол бербөө максатында, Улуттук банктын лицензиясына, ошондой эле каттоо катына ээ алмашуу бюролорунда гана нак чет өлкө валютасын алмаштырууну сунуштайт. Алмашуу бюросунун лицензиясынын болушуна сөзсүз түрдө көңүл буруу зарыл. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын лицензиясынын жана каттоо катынын көчүрмөсү алмашуу бюролорунун маалымат такталарында кардарларга көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш.  

Эгерде бул талаптар алмашуу бюролору тарабынан сакталбаса, алардын иши мыйзам талаптарын бузуу менен ишке ашырылып жаткандыгын же Улуттук банк тарабынан жөнгө салынбаган жана көзөмөлдүккө алынбаган иш чөйрөсү мыйзамсыз катары карала тургандыгын Улуттук банк эскертет.  

Лицензиясыз жана мыйзамсыз иш алып барган алмашуу бюролору керектөөчүлөрдүн укугунан кыянаттык менен пайдаланып жатышкандыгын, операцияларды контролдук-кассалык машинасыз жүргүзүшкөндүгүн, ушундан улам операция жүргүзүлгөндүгү фактысын ырастаган чектер берилбей жаткандыгын, ал эми имараттын ичи мындай иштин түрүн жүргүзүү үчүн техникалык коопсуздукка жооп бербей тургандыгын эскертип кетүү зарыл. Бүтүндөй алганда бул факторлор керектөөчүлөргө тобокелдиктерди жаратат, анын ичинде алмашуу бюролорунун алдоо жана алдамчылык менен укукка жатпаган иштерди жүргүзүү тобокелдигине алып келет.  

Калкка маалымдоонун чегинде Улуттук банк, текшерүүнү жүргүзүүдө аныкталган Бишкек шаарында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясыз иш алып барган жактардын тизмесин сунуштайт.  

 

 

Аталышы 

Дареги 

Аты-жөнү 

1  

 Валюта алмашуу  

Ахунбаев атындагы көч., 109  

Мукашева Диана  

2  

"МИДАС кредит" күрөөканасы  

Чүй пр. 155/5  

Айтмамбетова Наргиза Алмазбековна  

3  

"Кордай" чек ара пункту 

Ленинское айылы, "Кордай" чек ара пункту 

Маликова Салтанат Маликовна  

4  

"Зухра" сулуулук салонунун жанындагы валюта алмашуу бюросу 

Бишкек ш., Москва көч., 58  

Мамытов Урмат Жумабекович  

5  

"Люкс" алмашуу бюросу 

Бишкек ш., "Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу, №7 контейнер  

Ким Л. Б.  

6  

"АКБ" алмашуу бюросу 

Алканов базары, борбордогу катар, №144 конт-р.  

Абдраимов Р.  

7  

"Эмиль" алмашуу бюросу 

"Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу, №29 контейнер 

Салиев С./Мырзакулова Г.  

8  

"Данияр" алмашуу бюросу 

"Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу, №30 контейнер 

Токтоназаров Т.  

9  

"Тагай" алмашуу бюросу 

Ак-Өргө конушу, Алтын Казык көч., 2  

Тойгонбаев Жолдош  

10  

"Ахмат" алмашуу бюросу 

"Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу 

Тажибаев Азатбек  

11  

"Мекен" алмашуу бюросу 

"Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу 

Кушбаков Мекен  

12  

"Бакыт" алмашуу бюросу 

"Дордой" СБК, Чымкент токтотмосу 

Рахманов Бактыбек Турдукулович  

13  

Дастан дүкөн (капталында)  

Бишкек ш., Ахунбаев атындагы көч., 100  

Абдыбеков Руслан  

14  

"Ачекей-Почта" алмашуу бюросу 

Абдрахманов атындагы көч., 144  

Курманалиев Дамирбек Сагынбекович  

15  

"Руслан" алмашуу бюросу 

Курманжан-Датка атындагы көч., 284  

Токторов Султан Кадырович  

16  

"Жетиген" алмашуу бюросу 

Дэн-Сяопин атындагы көч., 2  

Анарбек уулу Азамат  

17  

"Экспресс" алмашуу бюросунан оңго 

Дэн-Сяопин атындагы көч., ү 4, 14 ("Экспресстен" оңго)  

Алымсеитов Нурсултан Мырзабекович  

18  

Авиакасса  

Тоголок Молдо атындагы көч., 36. (Чүй пр. менен кесилиши )  

Сейдалиев Дастан Талайбекович  

19  

"Беш Сары" СБ 

Киев/Б.Бейшеналиева атындагы көч., ("Беш Сары" СБ)  

Алтымышбай уулу Амантур  

20  

Дарыкана жана "Шумкар" алмашуу бюросунун ортосу 

Дэн-Сяопин атындагы көч., 14  

Качкыналиев Жоодар Курманбекович  

21  

"Азамат" дүкөнү 

Дэн-Сяопин атындагы көч., 10 ("Азамат" дүкөнү)  

Аззади уулу Адеми  

22 

"Инекс" алмашуу бюросу 

Ж.Бөкөнбаев атындагы көч., 95  

Ерман уулу Бактыбек  

23  

"Талас" алмашуу бюросу (багыт: ФКБнын алды)  

Абдрахманов атындагы көчө (Москва жана Ж.Бөкөнбаев атындагы көчөлөрдүн ортосундагы аялдама)  

Кубанычбеков Талгат Кемелбекович  

  

24  

"Вулкан" алмашуу бюросу 

 Абдрахманов атындагы көчө (Москва жана Ж.Бөкөнбаев атындагы көчөлөрдүн ортосундагы аялдама)  

  

Татарбек уулу Кубатбек  

25  

"Берен бал-бал" алмашуу бюросу  

Абдырахманов атындагы көч.,151  

Токтобай уулу Насирдин  

26  

"Шайыр" алмашуу бюросу  

Абдырахманов атындагы көч., 150  

Жусупакмат уулу Шайырбек  

27  

"Ырыс" дүкөнү, №2 контейнер 

"Дордой" СБК (2-конт., Ырыс" дүкөнү, Автотетиктер бөлүгү)  

Туркменова Майрамбу Ногоевна  

28  

"Озгон Усон" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК (Чымкент токтотмосу)  

Алимканов Улан Батырбекович  

29  

"Классик" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК (Чымкент токтотмосу, түндүк тарабы)  

Кермалиев Талайбек Берошович  

30  

"Шу" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК (Чымкент токтотмосу 61-конт.)  

Шайдылдаева Гульнур Элтуйбаевна  

31  

"Айдана" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК (Чымкент токтотмосу) 

Султаналиева Гулжамал Сабырбековна  

32  

"777" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК, Чыгыш катары, 59-конт. (Чымкент токтотмосу)  

Мырсалиева Гулипа Бактылаевна  

33  

"Аман" алмашуу бюросу  

"Дордой" СБК (Чымкент токтотмосу) 

Рысалиев Аман Келдибекович  

34  

"555" алмашуу бюросу  

Жибек-Жолу көч., 190  

Медетов Мурас Абазбекович  

 


 

 

Улуттук банктын сейрек кездешүүчү коллекциялык монеталарына жүргүзүлгөн аукциондун жыйынтыгы чыгарылды  

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын киргизүү күнүнүн алдында Улуттук банк алтын жана күмүш монеталарын сатуу боюнча жыл сайын өтүүчү аукционду өткөрдү. Тоорукка 1995-жылдан 2007-жылдар аралыгында Улуттук банк тарабынан чыгарылган 17 лот аркылуу 25 нумизматикалык монеталар (1 алтын жана 24 күмүш) коюлган: "Ош-3000", "Манас эпосуна 1000 жыл", "Хан-Теңири", "Аркар", "Эделңвейс", "Улуттук валютага 10 жыл", "Шанхай кызматташтык уюму", "Таш-Рабат", "Улуу Жеңишке 60 жыл" жана "Өзгөн архитектуралык комплекси".  

Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова белгилегендей: "Бир гана нумизматтардын эле эмес, тарыхка, искусствого кызыккан жарандардын Кыргызстандын коллекциялык монеталарына болгон кызыгуусу улам барган сайын артууда. Мисалга алсак, өткөн жылга салыштырмалуу коллекциялык монеталарды сатып алууну каалагандардын саны 2014-жылы эки эсеге көбөйгөн. Аукционго, эстелик монеталарын баалаган 30 адам катышкан. Эгерде аукционго коюлган монеталардын баштапкы баасы 107 миң сомду түзгөн болсо, монеталарды саткан сумма 301 миң 600 сомду түзгөн".  

Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын началңниги Шамилң Айдаркулов: "Коллекциялык монеталарга кызыгуу жалпы дүйнөлүк тенденцияга айланууда. Бул, биринчи кезекте, нумизматикалык баалуулуктар пайдалуу салым болуп эсептелери жана коллекционерлер тарабынан келечектеги сапаттуу финансылык инструмент катары каралып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Коллекциялык монеталар, бүтүндөй бир элдин, мамлекеттин маанилүү окуяларын чагылдыруу менен маданий жана тарыхый миссияны аткарган искусствонун чыныгы чеберчилиги болуп санала турган фактылары дагы маанилүү ролду ойнойт. Улуттук банктын нумизматикалык фондусунан чыгарылган эстелик монеталарынын жогорку сапатта даярдалышы, актуалдуу темаларды камтыган көркөмдүк баалуулугу менен айырмаланат. Биздин монеталар эл аралык белгилүү көргөзмөлөрдө коюлуп жүрөт".  

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде өткөн аукциондо Улуттук банк башка чыгарбай турган монеталар коюлган. "Ош-3000" алтын монетасы башкалардан кымбат сатылды. Анын баштапкы наркы 20 000 сом болсо, аукциондо сатылган баасы 34 100 сомду түзгөн. Ошондой эле нумизматтардын чоң кызуусун арттырган "Хан-Теңири", "Аркар", "Эделңвейс", "Улуттук валютага 10 жыл" жана "Улуу Жеңишке 60 жыл" күмүш монеталары болду. Аукциондун катышуучулары монеталарды баштапкы баасынан бир нече жогору баада сатып алышты.  

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилден тартып, Улуттук банк 45 коллекциялык монеталарды: алтын коллекциялык монеталардын үч түрүн, күмүш монеталардын 33 түрүн, жез-никелң монеталардын 8 түрүн, бир мелңхиор монетасын чыгарган. 2013-жылдын 24-декабрынан тартып "Кыргыз каганатынын доору" сериясынан "Улуу кыргыз каганаты" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылган.  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Эгемен күнүнө карата салт боюнча жаңы эстелик монеталарды: күмүш сыяктуу эле, жез-никелң түрүндө да "Барсбек - кыргыздардын каганы" жана "Манас күмбөзү" монеталарын, ошондой эле Кыргызстандын Кызыл китеби сериясынан "Үкү" күмүш монетасын чыгарат.  

 



 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

" Аппак-Нур " ЖЧКсына чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 13-майында №5125 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Вокзалңная көч., үй номери жок (борбордук базардын жаны). 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө "КЕН - НУР" кредиттик союзуна 2004-жылдын 19-январында берилген № 445 лицензия, кредиттик союздун 2014-жылдын 14-майындагы өз эрки менен жоюлуу жөнүндө билдирүүсүнө жана 2013-жылдын 16-апрелиндеги кредиттик союздун жалпы жыйынынын протоколуна ылайык, 2014-жылдын 14-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Көк-Жар мкр, №8 үй, 5-кв. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Бай Журт" ЖЧКсына 2008-жылдын 28-мартында берилген № 123 күбөлүк, МКК "Бай Журт" ЖЧКсынын уюштуруучусунун 2014-жылдын 7-майындагы чечимине жана 2014-жылдын 8-майындагы билдирүүсүнө ылайык, 2014-жылдын 12-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош ш., А.Масалиев атындагы пр., 32. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "ЖЕҢИШ" ЖЧКсына 2011-жылдын 24-июнунда берилген №381 күбөлүк, уюштуруучунун 2014-жылдын 13-майындагы жоюлуу жөнүндөгү чечимине ылайык, 2014-жылдын 14-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, №120 үй, 24-кв.  

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг  

системасы 

Гроссовая  

система 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 12-апрелинен тартып 16-майын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

37 501 928 060,38 

78 661 

2 096 872 686,15 

73 643 

35 405 055 374,23 

5 018 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын  

төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,6 

93,6 

94,4 

6,4 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг  

борборунун таза позициялары 

0,1 

1,2 

1,3 

1,3 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

6,9 

8,2 

17,9 

8,7 

6,3 

1,1 

БКга түшкөндөр 

13,1 

42,1 

20,2 

44,6 

12,7 

4,7 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,1 

4,5 

1,7 

4,8 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,7 

13,0 

11,7 

13,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

31 300 774 027,14 

67 330 

1 931 022 312,71 

62 778 

29 369 751 714,43 

4 552 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

6 201 154 033,24 

11 331 

165 850 373,44 

10 865 

6 035 303 659,81 

466 

19,8 

16,8 

8,6 

17,3 

20,5 

10,2 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

08.04.2014 

16.05.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

290 395 

294 025 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1333 

736 

597 

1333 

736 

597 

Банкоматтардын саны  

354 

354