Кайта келүү

 

Депозиттер боюнча кирешелерден салык алынбайт 

Көпкө созулган талкуулоолордон кийин 2014-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Финансы министрлигинин жеке адамдардын банктык аманаттары боюнча пайыздарга киреше салыгын белгилөө тууралуу демилгесин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө болуп өткөн жолугушууда маалымдалды.  

Талкууда премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев, биринчи вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаев, финансы жана экономика министрлери Ольга - Лаврова жана Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Салык кызматынын башчылары Зина Асанкожоева жана Исхак Масалиев, ошондой эле Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев жана башкалар катышышты.  

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

2013-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча жеке адамдардын депозиттери банк тутумунун суммардык депозиттеринин 28,4 млрд. сомун же 42,1% түзгөн. Кабыл алынган депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер (агылып кирүүлөр) алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2013-жылдын 31-декабрына карата 6,7% чегинде катталган.  

Маселенин келип чыгышы:   

Ага ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып банктардагы киреше салыгы салынбаган пайыздык кирешелерди тизмектен алып салуу каралган мыйзам долбоору, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан демилгеленген. 

Финансы рыногунун эксперттери жеке адамдардын аманаттары боюнча салык алуудан келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттер менен бирге депозиттик базанын өсүш арымынын басаңдашын белгилеп кетишкен, ал эми бул өз кезегинде, экономиканын реалдуу секторун каржылоодо терс таасирин тийгизиши мүмкүн эле. Мындан тышкары финансисттер, кредиттер боюнча пайыздык чендердин өсүшү жана экономиканы өнүктүрүү үчүн зарыл болгон калктын банктарга жөнөтүлүүчү, демек кредиттөөгө бөлүштүрүлүүчү ички жыйымдарынын өсүшүн камсыз кылуу деңгээлинин төмөндөшү мүмкүндүгүн болжолдошкон. Эксперттик коомчулук бул мыйзам долбоорун кабыл алуу себептеринин бири катары, нак эмес акча жүгүртүү көлөмүнүн кыскарышын белгилешүүдө, бул, калктын акча каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруудан алган кирешелеринин азайышынан улам альтернативалуу жолдорду издөөсү аркасында келип чыгышы мүмкүн.  

ь 2013-жылдын 4-чейреги ичинде Кыргыз Республикасында нак акча каражаттарынын абалы тууралуу 

 

Жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 2014-жылдын 1-январына карата абал боюнча 66 954,1 млн. сомду түзгөн, алардын ичинен 4 781,5  млн. сом коммерциялык банктардын кассасында, ал эми калган сумма банктан тутумунан тышкары катталган (жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 8 702,0 млн. сомго же 14,9 пайызга көбөйгөн). 

2013-жылдын 4-чейреги ичинде коммерциялык банктардын кассаларына бүтүндөй республика боюнча 239 504,1 млн. сом келип түшкөн, бул 2012-жылдын 4-чейрегине караганда 55 074,3 млн. сомго же 29,9 пайызга көп.  

2013-жылдын 4-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларынан 244 233,6 млн. сом берилген, бул 2012-жылдын 4-чейрегине салыштырганда 52 881,5 млн. сомго же 27,6 пайызга көп.  

2013-жылдын 4-чейреги ичинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акча каражаттарынын кайтарымдуулугу 98,1 пайызды түзгөн (2012-жылдын 4-чейрегине салыштырганда көбөйүү 1,7 пайыздык пунктту түзгөн эле). 

2013-жылдын 4-чейреги ичинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акча каражаттарынын кайтарымдуулугунун өзгөрүүсү областтар боюнча төмөнкү 1-таблицада келтирилген. 

 

пайыздарда 

 

 

2012-жыл 

2013-жыл 

Четтөө 

 

Республика боюнча бардыгы болуп 

 

96,4 

 

98,1 

 

1,7 

Бишкек ш. 

101,0 

103,6 

2,6 

Баткен обл. 

93,5 

95,7 

2,2 

Жалал-Абад обл. 

86,1 

86,3 

0,2 

Ысык-Көл обл. 

84,6 

90,0 

5,4 

Нарын обл. 

74,8 

82,7 

7,9 

Ош обл.  

91,8 

95,5 

3,7 

Ош ш. 

100,2 

100,0 

-0,2 

Талас обл. 

67,8 

64,5 

-3,3 

Чүй обл.  

99,9 

100,0 

0,1 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

 

МКК "Борбордук Азия» ЖЧКсына 2014-жылдын 22-январында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №479 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Раззаков атындагы көчө, 19, 605-бөлмө.  

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарылып алынган: 

 

МКК "К2-кредит" ЖЧКсына 2011-жылдын 2-ноябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №408 күбөлүк, 2014-жылдын 20-январынан тартып жокко чыгарылган. 2014-жылдын 16-январындагы №1 протоколго ылайык өзүн-өзү жоюу. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө, 166. 

МКК "Мундуз-Кредит" ЖЧКсына 2009-жылдын 28-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №202 күбөлүк, 2014-жылдын 22-январынан тартып жокко чыгарылган. Бир катышуучунун 2014-жылдын 20-январындагы чечимине ылайык өзүн-өзү жоюу. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Раззаков атындагы көчө, 33/1-19. 

МКК "Бай Казына" ЖЧКсына 2012-жылдын 2-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №437 күбөлүк, 2014-жылдын 22-январынан тартып жокко чыгарылган. Уюштуруучунун 2014-жылдын 22-январындагы №3 чечимине ылайык өзүн-өзү жоюу. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары, Аманбаев атындагы көчө, номер катталган эмес, "Жаңы базар". 

«Байлыкка кадам» кредиттик союзуна 2002-жылдын 19-мартында берилген №351 лицензия 2014-жылдын 21-январынан тартып жокко чыгарылган. Кредиттик союздун 2014-жылдын 17-январындагы жалпы жыйынынын протоколуна жана кредиттик союздун Башкармасынын төрагасынын 2014-жылдын 17-январындагы өтүнүчүнө ылайык. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн ш., Т.Кошуев атындагы көчө, 32/10. 

КС "Капитал-Ош" финансылык кооперативине 1999-жылдын 15-февралында берилген №90 лицензия 2014-жылдын 23-январынан тартып жокко чыгарылган. Финансылык кооперативдин 2014-жылдын 19-январындагы жалпы жыйынынын протоколуна жана анын Башкармасынын төрагасынын 2014-жылдын 22-январындагы өтүнүчүнө ылайык. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош ш., Курманжан Датка атындагы көчө, 224. 

"Кошумча" кредиттик союзуна 2000-жылдын 13-июлунда берилген №195 лицензия 2014-жылдын 16-январынан тартып кайтарылып алынган. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 16-январындагы №01/3 токтому менен «Кошумча» кредиттик союзунун 2005-жылдын 10-мартындагы № 195 лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынган. Юридикалык дареги: Нарын областы, Кочкор району, С.Орозбаков атындагы көчө, 131.  

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 20-январынан тартып 25-январды кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

17 362 093 230,78 

50 579 

1 361 785 108,27 

47 330 

16 000 308 122,51 

3 249 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)   

100,0 

100,0 

7,8 

93,6 

92,2 

6,4 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары  

0,1 

1,8 

0,9 

2,0 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

6,0 

4,3 

10,4 

4,5 

5,6 

1,2 

БК кириш  

13,2 

43,3 

23,4 

45,8 

12,4 

6,0 

СФ  чыгыш  

0,1 

1,1 

0,7 

1,2 

0,0 

0,0 

СФ  кириш 

0,3 

7,4 

3,2 

7,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү  

Абсолюттук мааниси  

23 258 233 244,54 

76 721 

2 516 281 177,63 

72 073 

20 741 952 066,90 

4 648 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-5 896 140 013,76 

-26 142 

-1 154 496069,36 

-24 743 

-4 741 643 944,39 

-1 399 

-25,4 

-34,1 

-45,9 

-34,3 

-22,9 

-30,1 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

18.01.2014 

25.01.2014 

Чыгарылган карталардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

252 629 

256 040 

Рos-терминалдардын саны:  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө    

 

1233 

676 

556 

 

1233 

676 

556 

Банкоматтардын саны  

335 

338