Кайта келүү

 

Эсептик ченди аныктоо механизмин өзгөртүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени (мындан ары Улуттук банктын эсептик чени) бул экономикадагы акча ресурстарынын наркын аныктоодо негизги багыт катары колдонулуучу инструмент. Акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири катары анын таасирдүүлүгүн андан ары жогорулатуу максатында Улуттук банк Башкармасы 2013-жылдын 20-декабрында №51/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жөнүндө»* токтомду кабыл алган, токтом 2014-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Ушул токтомго ылайык, эсептик ченди Улуттук банктын 28 күндүк ноталарынын акыркы 4 аукционундагы орточолонгон маанисине байланыштырып аныктоо механизми, экономикалык жагдайды талдап иликтөөнүн жана болжолдоонун негизинде Улуттук банк Башкармасынын директивалык аныктамасына алмаштырылат.  

Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталган эсептик чен коммерциялык банктар үчүн акча-кредит саясатынын курсу боюнча белги катары кызмат кылат. Ал эми Улуттук банк үчүн, акча базасы менен акча массасынын көлөмү эмес, пайыздык чендин деңгээли операциялык көрсөткүч катары колдонулат.   

Эсептик чен өлчөмүнө тиешелүү чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан ар айлык негизде кабыл алынып турат. Улуттук банк эсептик чен деңгээлин аныктоодо, эң оболу, инфляция боюнча болжолдоолорго таянат.  

Эсептик ченди аныктоо механизмин өзгөртүү акча-кредит саясатынын жаңы негизге өтүшүнө байланыштуу болуу менен анын таасиринин бүтүндөй экономикага өтүшү жолдорун өркүндөтүүгө багытталган. 

Токтом, Улуттук банктын расмий веб-сайтынын “Банктык мыйзамдар” бөлүгүнүн “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомдору” бөлүкчөсүндө жайгаштырылган.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2013-жылдын 27-декабрында «Альянс Кредит» МКА коомдук фондусуна эсептик каттоо жөнүндө №206 күбөлүгү берилди. Юридикалык дареги; Бишкек ш., Чүй проспекти, 207 

 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2013-жылдын 27-декабрында «Альянс Кредит» МКА ЖЧКсына эсептик каттоо жөнүндө №478 күбөлүгү берилди. Юридикалык дареги; Бишкек ш., Пролетарская көч., 29 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

 

2013-жылдын 24-декабрынан тартып, жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө “Байбол-Аларча” МКК ЖЧКсынын эсептик каттоо жөнүндө 2007-жылдын 19-февралындагы №67 күбөлүгү жокко чыгарылган. Өзүн-өзү жоюу Уюштуруучунун 2013-жылдын 18-декабрындагы №10 чечимине ылайык жүргүзүлгөн. Юридикалык дарек; Бишкек ш., Асаналиев көч., 16. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

данаасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

данаасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

данаасы 

2013-жылдын 30-декабрынан тартып 2014-жылдын 11-январын кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

29 649 533 781,88 

97 573 

2 638 718 672,24 

92 304 

27 010 815 109,64 

5 269 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,9 

94,6 

91,1 

5,4 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,2 

1,3 

1,9 

1,4 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

11,9 

10,9 

23,4 

11,4 

10,8 

1,0 

БК кириш  

11,9 

29,5 

13,6 

30,8 

11,7 

5,9 

СФ  чыгыш  

0,6 

3,0 

7,0 

3,2 

0,0 

0,0 

СФ  кириш 

0,9 

12,9 

9,9 

13,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү 

Абсолюттук мааниси 

23 258 233 244,54 

76 721 

2 516 281 177,63 

72 073 

20 741 952 066,90 

4 648 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси 

6 391 300 537,34 

20 852 

122 437 494,61 

20 231 

6 268 863 042,74 

621 

27,5 

27,2 

4,9 

28,1 

30,2 

13,4 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата  

27.12.2013 

11.01.2014 

Чыгарылган карталардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

247 695   

249 438   

Рos-терминалдардын саны:  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1233 

676 

556 

 

1233 

676 

556 

Банкоматтардын саны  

333  

335