Кайта келүү

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны  

ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

иш-чаралар планынын 2026-жылдын II чейрегинде аткарылышы жөнүндө  

ОТЧЁТ  

 

Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ишинде коррупциялык аракеттердин жоктугу 

Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишин ачык-айкын жүргүзүүсү жана отчёт берүүсү, калктын Улуттук банктын ишине ишеним көрсөтүүсү, Улуттук банктын ишкердик аброю, кадыр-баркы жана банк секторунун жана тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) Улуттук банктын ишине ишениминин деңгээли 

Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович 

№ 

Милдеттер 

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөттөрү 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Жооптуу аткаруучулар 

Каржылоо булактары 

Коррупциялык аракеттерге мониторинг 

1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, «ишеним» телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

Улуттук банкта «коррупция жөнүндө билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) карап чыгуу жана талдоо иши коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен ишке ашырылат

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу  

Сарптоолорду талап кылбайт 

1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо үчүн коомдук талкууларды өткөрүү, бизнес коомчулугу, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү  

Туруктуу негизде 

Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2026-жылдын  

14-мартындагы № 178 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана кылмыштуу кирешелерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акцияларды чыгарууну, акцияларды коомдук сунуштоонун шарттарын, акцияларды чыгаруунун проспектисин жана жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартибин бекитүү жөнүндө токтом долбоору; 

Кыргыз Республикасынын «Альтернативдик инвестициялар жөнүндө» жана «Альтернативдик инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору; 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргыз Республикасында акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган токтом долбооруна Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, кредиттик бюролордо кредиттик маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүү жагынан Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан; 

27.04.2026-ж. № 2026-П-12/26-1-(ДКП) жана 25.05.2026-ж. № 2026-П-07/31-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»

- 25.05.2026-ж. № 2026-П-07/31-1-(ДКП) «2026-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт»; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 27-апрелинде «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу чечимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2026-П-12/26-2-(НПА) токтомун кабыл алды. Кыргыз Республикасынын резидент банктарынын чет өлкө валютасында чек ара аркылуу өтүүчү эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн убактылуу жөнгө салуучу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 29-майында № 2026-П-12/33-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтом Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана тийиштүү деңгээлде банктык көзөмөлдү камсыз кылуу максатында кабыл алынды; 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 23-апрелинде «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомун кабыл алды. Бул токтом 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына банктык укук мамилелердин маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КБ  

Сарптоолорду талап 

кылбайт 

Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматчыларын ишке шыктандыруу  

2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу

Натыйжалуу кайтарым байланыш системасын түзүү

Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

2026-жылдын  

II-чейрегинде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде  

19 пресс-релиз даярдалып, жайгаштырылган. 

Отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 36 суроо-талап келип түшкөн. Бардык суроо-талаптар иштелип чыккан жана жооп катары ЖМКга жөнөтүлгөн. 

Социалдык тармактарда (Facebook, Instagram, YouTube) Улуттук банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук банктын иши жөнүндө маалымат берүүгө багытталган түз эфирлер жума сайын өткөрүлүп турат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде жалпысынан  

12 эфир уюштурулду.  

Отчёттук мезгил ичинде Улуттук банктын жетекчилигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда үч пресс-конференция өткөрүлдү: эки пресс-конференция эсептик чен боюнча, бир БАПБ жана Alipay менен биргеликте эл аралык QR-төлөмдөрүн ишке киргизүү боюнча пландан тышкаркы пресс-конференция болду. 

КИБ, БК 

Сарптоолорду талап кылбайт 

2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара иш алып баруусун автоматташтыруу 

2025-2027-ж.ж

Отчёттук мезгилде СУМСБ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга ачык эл аралык сынак уюштуруу боюнча иш жүргүзгөн. Негизги окуялардын хронологиясы:  

- сынак комиссиясын түзүү жөнүндө буйрук чыгарылган (2026-жылдын 22-апрели). 

- сынак комиссиясынын биринчи отурумунун 1-этабы 2026-жылдын 28-апрелинде өткөн. 

- сынак комиссиясынын биринчи отурумунун 2-этабы 2026-жылдын 19-майында өткөн. 

- сынак алдындагы конференция 2026-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн. 

- сынак комиссиясынын экинчи отуруму (конверттерди ачуу жана баалоо) 2026-жылдын 14-июлуна белгиленген

Сынак комиссиясы тарабынан берилген протоколдук тапшырмага ылайык, долбоордук топ Техникалык талаптарга/Техникалык тапшырмага жана Келишимдин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүргүздү

Башкаруучу комитеттин экинчи отуруму 2026-жылдын 13-майында болуп, анда Техникалык талаптарга/Техникалык тапшырмага жана Келишимдин долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр бекитилди. 

СУМСБ, БИАБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети 

Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү 

3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо, ошондой эле Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу 

2025-2027-ж.ж. 

Улуттук банкка ишке кабыл алуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө» жобого ылайык төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: 

сынак боюнча

тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча);  

арыз боюнча;  

кадрлар резервинин маалымат базасынан

Отчёттук мезгилде 25 кызматчы ишке кабыл алынган, анын ичинен кадрлар резервинин маалыматтар базасынан 5, ачык сынак боюнча 6, арыз боюнча 14.  

Улуттук банктын чакыруусу менен кызматчылар кабыл алынган эмес. 

ПИБ, ОБ, башка ТБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары

Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу 

4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этика принциптеринин жана ченемдеринин сакталышы, кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү 

Жыл сайын 

Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана нормаларын сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыгып, ишке ашырылып жатат. 

2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан «Коррупцияны изилдөөнүн заманбап ыкмалары» темасында лекция окулду

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын кызматчылары коррупциянын заманбап теориялары, ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупцияны азайтуу жана алдын алуу боюнча чаралар менен таанышышты. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу 

5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу 

Жыл сайын  

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу 

6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо  

2025-жылдын  

I жарым жылдыгы 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды.  

Улуттук банктын кызматкерлеринин адептүүлүгүн камсыз кылууда ыйгарым укуктуунун натыйжалуулугу кызыкчылыктардын кагылышуусун системалуу башкаруу, ички документтерге коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү жана бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн байланыш каналдарын камсыз кылуу аркылуу жетишилет. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

6.2. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу 

Туруктуу негизде 

.07.2026-ж. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планынын аткарылышы боюнча чейректик отчёту жайгаштырылган

03.03.2025-ж. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылган

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ 

Сарптоолор талап кылынбайт 

Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу 

7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо 

2025-жылдын  

1-марты 

Бүгүнкү күндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо функцияларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү ийгиликтүү аткарып жаткандыгын, ошондой эле өзүнчө мекеме түзүү олуттуу кошумча финансылык чыгымдарды жана ресурстарды талап кылгандыгын эске алуу менен, Финансылык ортомчу кызматын түзүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынган. 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы №147 конституциялык Мыйзамына ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына Финансылык ортомчу кызматын түзүү жөнүндө  

5-берененин 22-пунктун күчүн жоготкон катары таануу тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди. 

КУКБ, 

ЮБ, 

КМБ, 

БКБ, 

БЭУКБ

ТСКБ 

 

Сарптоолорду талап 

кылбайт 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү 

8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралар топтомун кабыл алуу 

Жыл сайын 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызматтарды колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүү жана көмүскө экономиканы азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) 2023-жылдын 29-декабрындагы № 737/67-7 токтому менен 2023-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) бекитилген.  

2026-жылдын II чейрегинде Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыгында, төмөнкүдөй натыйжалар жетишилди:  

686,3 миң адам (пенсионерлердин жалпы санынын 84,0 пайызы) коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу пенсия алышкан; 

242,7 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 99,4 пайызы) коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөмдөрдү алышкан;  

255 мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмунун 197синде медициналык кызматтарды төлөө үчүн QR-коддор орнотулган, ал эми 40 мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму акы төлөнүүчү негизде медициналык кызматтарды көрсөтпөйт, 18и банктар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алат, 256 мамлекеттик сактоо уюмунда POS-терминалдар орнотулган

- Бюджеттик уюмдарда 473 «бюджеттик каражаттарды алуучу» картасы колдонулган, алар аркылуу жалпысынан 1 455,6 млн сом суммасында 1 926 транзакция жүргүзүлгөн.  

«Кыргыз почтасы» ААКтын 872 почта бөлүмдөрүнүн 542синде карта ээлерине пенсия, жөлөк пул жана эмгек акы төлөө, ошондой эле калктан коммуналдык, салык жана башка төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминалдар орнотулган.  

2026-жылдын 1-июлуна карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 117,6 миң бирдикти түзгөн.  

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара аракеттенүү операторунун системасы аркылуу жалпысынан 721,6 млрд сомго 432,3 млн төлөм жүргүзүлгөн. Анын ичинен мамлекеттик кызматтар үчүн жалпысынан 29,4 млрд сомго 61,86 млн төлөм жүргүзүлгөн. Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-код менен төлөмдөрдү кабыл алууну кеңейтүү максатында, соода-тейлөө ишканаларына QR-коддорду орнотуу боюнча иштерди улантууда

ТСКБ

СФТБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү 

9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу  

Туруктуу негизде 

Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жагында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдарга активдүү катышат. 

Улуттук банктын кызматчылары ЕАГдын пленардык отурумдарына катышып, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр тажрыйба алмашат.  

БКБ, КМБ, ТСКБ, СФТБ, ЮБ  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

10 

Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо 

10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо 

Жыл сайын  

Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

11 

Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупция боюнча учурдагы тобокелдиктерди жана коркунучтарды жөнгө сала турган коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу 

11.1. Коррупцияга каршы планда каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу 

2027-жылдын  

II жарым жылдыгы 

Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып, бекитилет (II этап) 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка ТБ 

Сарптоолор талап 

кылынбайт. 

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча  

ыйгарым укуктуу М. Абсатаров  

 

Шарттуу кыскартуулар: 

ПИБ Персонал менен иш алып баруу бөлүмү

КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү

СУМСБ Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү

БИАБ Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы

ТСКБ Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы

СФТБ - Санарип финансылык технологиялар башкармалыгы

КМБ Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы

ЮБ Юридика башкармалыгы

КУКБ Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү

АКСБ Акча-кредит саясаты башкармалыгы

НАБ Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы

ФСМБ Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы

АКОБ Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы

КБ Коопсуздук башкармалыгы

ОБ Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү