Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 25-сентябрындагы  

№ 2020-П-33/52-7-(НФКУ) 

токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 2020-П-33/38-4-(НФКУ) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлгө алынышы, лицензияланышы жана жөнгө салынышы максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

29-июнундагы № 2020-П-33/38-4-(НФКУ) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, Кыргыз Республикасынын алмашуу жана кредит бюролорун, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов